Перейти на новый сайт
MegaCom: gulzada «Толгонуу» арт-шоусун тартуулайт.

MegaCom: gulzada «Толгонуу» арт-шоусун тартуулайт.

MegaCom компаниясы gulzada деген ысым менен коомчулукка таанымал болгон таланттуу ырчы кызыбыздын «Толгонуу» арт-шоусун өткөрүүгө башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөттү. Концерт Бишкекте 13- июнда жана Ош шаарында 17-18-июнда болуп өтөт.

gulzada виртуоз-гитарачы Денис Колючийдин рок-тобунун, «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана «Аура» жаз-бэндинин коштоосунда жандуу үн менен ырдамакчы. Уюштуруучулардын айтымында, Сизди бир катар музыкалык жанрлардын, лазердик жана театралдык шоунун айкалышы, көз жоосун алган атайын жасалгалар күтөт.Бардыгы болуп «Толгонуу» концерттик программасында 50 дөн ашуун адам катышат.

MegaCom компаниясы мекендештеринин жашоо сапатын жогорулатууга байланыштуу демилгелерди колдоп келет. Маданий чөйрө коомубузда өзүнүн артыкчылыктуу ордун ээлеп келет. Комуз күүлөрү, обондор жана элдик ырлар байыртан эле кыргыз элинин маданий уюткусу. Улутубуздун маданий жактан өнүгүүсүн көз жаздымда калтырбаган компания маданий чөйрөдөгү ар кыл саамалыктарга колдоо көрсөтүп келгени бекер эместей. gulzadaнын ырларында элибиздин жүзү, улутубуздун басып өткөн жолу сезилип тургандай. Ырчы кызыбыздын чыгармачыл эргүүсүн колдоо менен,компания маданиятыбыздын өнүгүүсүнө дагы бир ирет өз салымын кошту десек жаңылбайбыз.

Чыгармачыл таржымалы: gulzada өткөн жылдын июль айында Туңгуч театрында «Табигат үнү» медитативдик концертин тартуулап, ага якут жана шор жергесинен аткаруучулар катышкан. Алматыда өткөн The Spirit of Tengri этно-рок жана Алтай жергесинде өткөн этникалык музыка фестивалдарына катышкан. Таланттуу аткаруучу 2012-жылдын октябрь айында Америкада уюштурулган Түрк Элдеринин Фестивалынын да катышуучусу катары таанымал, 2011-жылдын ноябрь айында Нью-Дели шаарында Эл аралык Маданий Маекке катышып өзүнүн этникалык ырларын аткарып берген.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы