MegaCom «MegaПрогнозу» менен ички туюмуңузду сынап көрүңүз
Бразилияда өтүүчү футбол боюнча дүйнө Чемпионатын утурлай MegaCom компаниясы 12-13-июнь күндөрү интернет-колдонуучулар арасында «MegaПрогноз» конкурсун өткөрөт.
Конкурстун шарттарына ылайык, компаниянын социалдык түйүндөгү расмий баракчасында жазылуучулар боло турган футболдук таймаштар боюнча болжолдуу алдын-ала ойлорун билдирип MegaCom компаниясынын баалуу белектеринин ээлери боло алышат.
Божомолдор MegaCom компаниясынын расмий баракчасында күн сайын жарыяланып туруучу суроо-жооп түрүндө өткөрүлөт. Конкурс 5 этаптан турат. Ар бир этаптын жыйынтыгында катышуучуларга упайлар берилип, конкурстун жүрүшүндө чындыкка дал келген божомолдун ээси баш байгеге: акысыз интернет-трафикке, «MegaComдон OnlineTV» кызматынын жардамы менен бир ай бою мобилдик телеберүүнү акысыз көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.