Перейти на новый сайт

650 миңден ашуун MegaCom абоненттери персонификациялоодон өтүштү

650 миңден ашуун MegaCom абоненттери персонификациялоодон өтүштү

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-февралындагы Токтомуна ылайык, 2014-жылдын 8-мартынан тарта, республикабыздын аймагында жылуучу радиотелефондук (уюлдук) байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери күчүнө кирди. Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерге шайкеш бардык абоненттер байланыш оператору менен келишим түзүүсү керек.  2014-жылдын июнь айынын башындагы маалыматтарга таянсак, 651954 абонент «Альфа Телеком» ЖАК менен келишим түзүшкөн.

- MegaCom компаниясынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Карабаев өз сөзүндө белгилегендей, MegaCom абоненттерди персонификациялоону мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушун камсыздап келет. Сервистик борборлордун санынын арбып жатышы, уникалдуу бонустук акция жана башка иш-чаралар абоненттердин байланыш оператору менен келишим түзүүсүнө өбөлгө болууда. 

Компаниянын биллинг бөлүмүнүн маалыматына ылайык, күнүнө миңден ашуун абонент персонификациялоодон өтүүдө.

Артыкчылыктар. Биринчи кезекте -коопсуздук жана ишенимдүүлүк. Абоненттер SIM-картасын акысыз каттоо менен бирге эле, өз номурун кайрадан калыбына келтирип, эсебинин деталдоосун алып жана башка бонустарга ээ болушат.

Келишим кандай түзүлөт. Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүүнү каалаган MegaCom абоненттери компаниянын сатуу жана тейлөө Борборлорунун бирине же компаниянын өнөктөштөрүнүн-дилердик түйүндөрүнүн Фирмалык салондоруна кайрылуусу керек. Өзү менен жарандыгын тастыктаган документин ала келүүсү жетиштүү.

Персонификациялоо боюнча Mega акция. Тейлөө борборлорунан жана фирмалык салондордон оператор менен келишим түзгөн жана келишим түзүүгө жакындарын тарткан активдүү абоненттер Samsung Galaxy Note планшеттери, Huawei Ascend смартфондору, саркеч кол чатырлар жана муздаткыч-баштыктар менен сыйланат!

Толук маалымат *996 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз)телефону аркылуу жеткиликтүү жана www.megacom.kg  Акциялар бөлүмүндө.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • Планер

    кызматы