Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүштү

MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүштү

MegaCom компаниясы кайрымдуулук максатын көздөгөн «Улуу жеңиш! SMS-марафонунун» алкагында абоненттер тарабынан топтолгон жарым миллион сомго жакын акча каражатын согуш ардагерлерине таратып берди.

Келечек муундун бейпил жашоосу үчүн кан майданын кечип, өз жанын аябаган аталарыбыздын тагдырларына кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан 1945 кыска номуру аркылуу топтолгон 474 миң 342 сом өлчөмүндөгү акча каражаты (салык төлөмдөрүн алып салуу менен ) Даңк, «Кызыл жылдыз» ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон 102 ардагерге бөлүнүп берилди. Тизме КРдин Коргоо министрлигинин мобилизациялык башкармалыгы тарабынан берилген.

Даректүү жардам 102 ардагердин ар бирине 4 миң 650 сомдон бөлүштүрүлүп, аймактарда жашаган жана денсоолугуна байланыштуу келе албаган ардагерлердин үйлөрүнөн тапшырылды. Өз кезегинде, ардагерлер аларга көрсөткөн камкордугу, аяр мамилеси үчүн MegaCom абоненттерине ыраазычылык билдирип жатышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине көмөк көрсөтүү MegaCom компаниясы жана анын абоненттери үчүн салтка айланып калгандай. SMS-марафонду өткөрүүнү Ата Мекенди коргоочуларга болгон урпактардын таазими катары баалоого болот.

MegaCom компаниясы КСЖ саясатынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине көмөк көрсөтүүнү салтка айландырып алгандай. Сөзүбүзгө аралжы, республикабыз боюнча 1 000 ардагерге колдоо көрсөтүү максатында компаниянын каржы резервдеринин эсебинен жыл сайын 4миллион сом бөлүнөт.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud

  • Услуга

    SmartBook

  • Услуга

    «Твой номер» и «Бронирование номера»

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon