Перейти на новый сайт
MegaCom Bishkek Urban Forum’га катышты.

MegaCom Bishkek Urban Forum’га катышты.

MegaCom борбор шаарыбызды өнүктүрүүгө багытталган форумга катышты. 6–7 -июнь күндөрү улуттук китепканада болуп өткөн бул саамалык Орусиядан, Германиядан, Чехиядан, Грузиядан, Казакстандан чакырылган эксперттердин катышуусу менен өттү.

Бишкек Урбан Форум шаар курулушу, урбанистика тармагындагы жана аталган багыттагы илимдер боюнча өткөрүлгөн алгачкы эл аралык конференция болду десек жаңылбайбыз. Өз шаарынын өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган бишкектиктер, муниципалдык кызматкерлер жана ири бизнес компаниялардын өкүлдөрүнүн ийри отуруп түз кеңешүүсү үчүн жагымдуу жагдай түзүлдү. “Кеңешип кескен бармак оррубайт” демекчи, катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган бир катар долбоорлор боюнча пикир алышып , тажрыйба алмашып жатышты.

MegaCom ири мобилдик байланыш операторунун өкүлү- Жылдыз Мамытова шаар тургундарынын социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча компания тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралардын мисалында өз баалуу тажрыйбасы менен бөлүшө кетти. Маселен, 2012-жылы инфраструктуралык долбоордун алкагында жергиликтүү башкармалык менен биргеликте Кулиев көчөсүнүн Чоң Чүй каналы кесип өткөн аймагында көпүрө курулган. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар компаниянын ордо калаабызды жашылдандырууга багытталган «MegaCom аллеясы» корпоративдик долбоору тууралуу, КСЖ алкагында ишке ашырылып алгылыктуу демилгелер тууралуу да кабардар болушту.

MegaCom компаниясынын бетачары угуучулардын жандуу кызыгуусун жаратты. Өз кезегинде, Жылдыз Мамытова борбор калаабыздын өнүгүүсүн шарттаган долбоорлорду көз жаздымда калтырбай тургандыгын белгилей кетти.
 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • Планер

    кызматы