Перейти на новый сайт
Сокулукта MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

Сокулукта MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

MegaCom сатуу жана тейлөө аймагы дагы бир калктуу конушту кучагына алды.

Башкача айтканда, Чүй облусунун Сокулук айылында компаниянын жаңы Фирмалык салону ачылды. Жаңы ачылган түйүндө алдыңкы уюлдук оператордун абоненттерине компания тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар түркүмү, корпоративдик жана жеке кардарларды тейлөө маселелери боюнча адистердин кесипкөй кеп-кеңештери сунушталат.

Фирмалык салондо кызматтардын төмөндөгүдөй түрлөрү көрсөтүлөт: келишим түзүү, төлөмдү комиссиясыз кабыл алуу, түйүнгө кошулуу, чалуулардын деталдоосун берүү жана башкалар.

Фирмалык салондун ачылышына карата үстүбүздөгү жылдын 2-июнуна чейин жаңы тейлөө түйүнүнөн балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган же тармакка кошулган абоненттер автоматтык түрдө акцияга катышып, акция алкагында 10 күнгө 50 акысыз SMS белекке алышат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

Сокулук айылындагы жаңы фирмалык салондун дареги: Фрунзе көч., 138.

Иш убактысы: аптанын иш күндөрү (дүйшөмбүдөн ишембиге чейин) саат 09:00дөн 18:00гө, майрам күндөрү саат 09:00дөн 13:00гө чейин, жекшемби – дем алыш.
 

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы