Перейти на новый сайт

Ош шаардык мэриясы компаниябызга ыраазычылык жолдоду

Ош шаардык мэриясы компаниябызга ыраазычылык жолдоду

Ош калаасынын мэриясы, Ош шаарын тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш- чараларында активдүү катышкандыгы үчүн MegaCom компаниясынын Ош аймактык бөлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Ош шаарын жана ага чектеш жайгашкан аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиребиз», - деп айтылат Ош шаардык мэриясы тарабынан компаниянын дарегине жолдонгон билдирүүдө.

Уюлдук оператордун кызматкерлери, компаниянын корпоративдик маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген «MegaCom аллеясы» долбоорунун алкагында экологиялык акцияларга байма-бай катышып турушат. Мындан тышкары, шаар жетекчилиги MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде орнотулган декоративдик жаңы электр жарыгы калаанын көркүнө көрк кошуп жаткандыгын да белгилей кетишти.

MegaCom компаниясы, Ош калаасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз салымын кошуу менен, шаардыктардын маданий турмушун да көз жаздымда калтырбай келет. Маселен, 2013-жылдын августунда театралдаштырылган лазердик оюн-зооктун, баалуу азембелектер ойнотулган концерттин коштоосунда калаа тургундары менен биргеликте шаар күнүн белгилеген.

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon