Перейти на новый сайт
MegaCom: «Жакын адамдар» тарифтик опциясы ар дайым Сиз үчүн!

MegaCom: «Жакын адамдар» тарифтик опциясы ар дайым Сиз үчүн!

MegaCom компаниясы, абоненттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, «Досумдун эсебинен чалуу» кызматынын алкагында «Жакын адамдар» жаңы опциясын ишке киргизгендиги тууралуу маалымдайт. Эми, алдыңкы уюлдук оператордун абоненттери, өз эсебинен чалууларды кабыл алып, зарыл болгон учурларда өзүнүн жакындарын жана туугандарын куткара алышат.

«Жакын адамдар» жаңы опциясы, абоненттерге өзүнүн үй-бүлөсүнүн байланышка болгон чыгашаларын көзөмөлдөөгө жана үнөмдөөгө шарт түзөт. «Жакын адамдар» опциясынын тизмесине, *212*1*055ххххххх# USSD-буйруусун терүү аркылуу MegaCom түйүнүнүн 10 номурун кошууга болот. Опцияда абоненттик төлөм каралган эмес жана кирген чалууну кабыл алуу үчүн баарлашууну төлөө уруксааты талап кылынбайт.

Чакырылган абоненттин эсебинен чалууну аткаруу үчүн номурду төмөнкү форматта терүү зарыл - *2120ХХХхххххх. Бир суткада аткарууга мүмкүн болгон чалуулардын санына чектөө да каралган эмес.

Чакырылып жаткан абонент үчүн кирген чалуунун наркы, баарлашуу мүнөтү үчүн секундалык тарифтөө менен 1 сомду түзөт. «Жакын адамдар» тизмесине кирген чакырууну аткарып жаткан абонент үчүн чалуу акысыз.

Бүгүнкү заманбап жашоо ритминде жана көптөгөн күтүүсүз жагдайларда, «Жакын адамдар» опциясы, жакын адамдарды колдоого ыңгайлуу мүмкүнчүлүк. Кызматтан башкаруу тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы