Перейти на новый сайт
MegaCom кезектеги жаңы тейлөө борбору “Беш-Сары”

MegaCom кезектеги жаңы тейлөө борбору “Беш-Сары”

MegaCom уюлдук операторунун кардарларды тейлөөчү дагы бир борбору Бишкек шаарындагы Ош базарынан алыс эмес жайгашкан “Беш-Сары” соода борборунда ачылды.

Ири базарга күнүнө он миңдеген сатып алуучулар келишет, жаңы ачылган кардарларды тейлөөчү борборунан каалоочулар MegaComдун бардык кызматтарынан пайдалана алышат. Жаңы тейлөө борборунда ар бир абонент келишим түзүү, SIM-картаны калыбына келтирүү, аны өзүнө каттоо, чалуулардын таржымалын алуу, бирдик жүктөө жана мобилдик интернетти орнотуу мүмкүнчүлүгү менен катар компаниянын адистеринен ар тараптуу кеңештерди эртең мененки сегизден кечки бешке чейин ала алышат. Жаңы тейлөө борбордун ачылышы эсте калаарлык көңүлдүү программа менен белгилүү ырчы-бийчилердин катышуусунда коштолуп, күбө болгондорго жагымдуу маанай тартууланды. Мындан тышкары шайыр-мүнөз алып баруучунун MegaCom көрсөткөн кызматтар туурасында суроо-жооп оюнунуа катышкандар, эстеликке чакан белектерди алышты. Кардарларды тейлөө борбору ордо калаадагы ири базарда пайда болгондугу, көпчүлүк абоненттерге ыңгайлуу болоорун иш-чарага катышкандар белгилешти.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы