Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери "Улуу Жеңиш " эскерүү кечесин өткөрдү

MegaCom кызматкерлери "Улуу Жеңиш " эскерүү кечесин өткөрдү

Улуу Жеңишти утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин башын коштурган MegaCom компаниясынын жамааты алардын чер жазып баарлашуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берди

Салтка айланып калгандай эле, компания кызматкерлери тарабынан 250 согуштун катышуучусу жана согуш учурунда оорукта эмгектенген мекендештерибиз үчүн атайын концерт уюштурулду. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери кадырман ардагерлерибизди куттукташып, алардын көкүрөгүн уялап, жүрөгүнөн көп жылдар бою түнөк тапкан ырларды аткарып беришти.

Согуш жылдарын эске салган «Катюша», «Тёмная ночь», «На всю оставшуюся жизнь» ырларын уккан чачын бубак басса да, баатырдыгы жүздөрүнөн сезилип турган карыларыбыздын көздөрүнө жаш тегеренип жатты. Жеңиш Күнүнө карата ар бир ардагер уюлдук компаниянын материалдык колдоосуна татыды. «Жакындарыңызга чалуу» линиясы аркылуу дүйнөнүн каалаган бурчундагы тааншытарына жана жакындарына акысыз чалып жатышты.

Компания кызматкерлери 2000 сом өлчөмүндөгү материалдык жардамды иш-чарага келе албай калган ардагерлердин үйлөрүнө барып тапшырышты. Өлкөбүздүн ар дубанындагы компания камкордукка алган ардагерлер да көз жаздымда калган жок. MegaCom белектери аларга улуттук уюлдук оператордун аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан жеткирилди. Жыл сайын, Улуу Жеңиш күнүнө карата, өлкө боюнча 1000 ардагер MegaCom компаниясынын жардамын алып келет.

Жакында, уюлдук оператор өз абоненттери менен бирге жыл сайын өткөрүлүүчү «Улуу Жеңиш!» SMS-марафонунун жыйынтыгын чыгарат. Аталган акция Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө багытталып, 2014-жылдын 9-майына чейин уланды.

1945 кыска номуруна каалаган текстти камтыган SMS жөнөтүү менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам катары 20 сом (салыктардын бардыгын эсепке алганда) которуу менен, Сиз дагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоого өз салымыңызды кошуп, ачык асман алдындагы бейпил турмушту тартуулаганы үчүн аларга таазим кыла аласыз. SMS-марафондон топтолгон каражат толугу менен ардагерлерге даректүү жардам көрсөтүү үчүн жумшалат. Акциянын жыйынтыктары компаниянын расмий сайтындагы акциялар тууралуу атайын бөлүмүндө жайгаштырылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы