Перейти на новый сайт

MegaCom 8 жылдык мааракесине карата абоненттерине белектерди даярдады

MegaCom 8 жылдык мааракесине карата абоненттерине белектерди даярдады

2006-жылы негизделип, өз ишин баштаган, бүгүн өлкөбүздүн алдыңкы оператору жана телекоммуникация тармагынын лидери, MegaCom компаниясы (www.megacom.kg) өзүнүн 8 жылдык мааракесин белгилейт.

MegaCom командасында баарлашып, билдирүү алмашып, белектерге ээ болуңуз! Майрамга карата, өлкө ичиндеги компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда өзүнүн балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган ар бир абонентке акысыз 50 SMS берилет. Акция үстүбүздөгү жылдын 5-майына чейин уланат, бонустун абалын *505# номуру боюнча текшерүүгө болот.

     

Бул менен катарлаш, 8 жылдык мааракесине карата «Европа плюс Кыргызстан», «Кыргызстан Обондору», «Алмаз Нарын», «Салам Баткен», «Next FM» радио толкундарында өткөрүлө турган конкурстардын жеңүүчүлөрү үчүн белекке акысыз 300 мүнөт же 150 SMS даярдалган. Азем-белектердин ээси болуу үчүн жөн гана ийгилик толкунуна чөмүлүңүз!

Жаңырык: Бүгүн, 2014-жылдын 28-апрелинде саат 15:00дө онлайн-викторина өткөрүлмөкчү. Mega оюндун башкы байгеси галактикалык смартфон Samsung Galaxy SIII болмокчу. Чыныгы убакыт режиминде өткөрүлө турган викторинада MegaCom компаниясынын Facebook’тагы расмий баракчасында катышууга болот.
Сиздерди эксклюзивдүү фирмалык жана брендделген баалуу азем-белектер күтөт!

MegaCom - 8 жыл телекоммуникация тармагындагы мобилдүүлүк!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Сервис «Голосовой портал MIX»

  • Услуга

    «I’m OK»

    im OK 1
  • Услуга

    "Где телефон?"

  • Услуга

    NITRO