Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик байланышы Ош облусунун Тээке айылында ишке киргизилди

MegaCom мобилдик байланышы Ош облусунун Тээке айылында ишке киргизилди

MegaCom компаниясынын техникалык дирекциясынын үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген иш-аракеттеринин натыйжасында, уюлдук байланыш жеткиликтүү болгон калктуу конуштардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Маселен, Ош облусунун Тээке айылынын тургундары мобилдик байланыш жана зымсыз интернет кызматтарынан пайдалана башташты. 2014-жылдын 30-апрелинде, аталган айылдын жана ага жакын жайгашкан кыштактардын тургундары, өзгөчө маанилүү болгон – мобилдик байланыш базалык станциясынын ачылыш аземин өткөрүшкөн.

Байланыш курулмасынын ачылыш аземине айыл башкармалыгынын жетекчилиги, Тээке айылынын жана Кара-Суу районунун Лаглан айылынын тургундары катышышкан. Аталган айыл буга чейин уюлдук байланыштын туруктуу сигналы менен камсыздалган эмес болчу. Байланыш антенна курулмасы, аймактын тургундарынын өтүнүчү боюнча, MegaCom компаниясы тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде, 600дөн ашуун тургундан турган Тээке айылынын аймагында курулган. Муну менен бирге, коңшу кыштактардын жарым миңге жакын тургундары да бир заматта, үн байланыш жана интернет кызматтарына жетки алышты.

Маалымат. Бүгүнкү күндө, MegaCom байланышы, өлкөнүн калк отурукташкан аймагынын 96 пайызын каптап келет. Бул көрсөткүчтү 100 пайызга жеткирүү, компаниянын стратегиялык өнүгүү планына кирет. Алдыңкы уюлдук оператор, Кыргыз Республикасынын миллиондогон тургундарынын байланыш муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, жаңы радио өткөрүү жабдуу комплекстерин ишке киргизүү жана мобилдик байланыш сапатын жакшыртуу боюнча билек түрө киришүүдө.
 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы