Перейти на новый сайт
MegaCom өнөктөштөрүн жана кесиптештерин Байланыш күнү менен куттуктайт!

MegaCom өнөктөштөрүн жана кесиптештерин Байланыш күнү менен куттуктайт!

7-май күнү Кыргызстандагы байланыш тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын -радио жана байланыш күнүн белгилеп келишет. MegaCom компаниясы маалымат технологиялар тармагында эмгектенген бардык ардагерлерди, байланышчыларды майрамы менен куттуктайт!

Бул күндү байланыш кызматкерлери гана эмес, ишмердиги радио, телевидение, мобилдик байланыш менен тыгыз байланышкан бардык адистер да майрамдашат. Байланыш технологиялар заманында биз өз жашообузду маалыматсыз элестете албайбыз. Мындан чейрек кылым мурда телефон менен баарлашып жатып, миңдеген километр алыстыкта болуп туруп бири-бирибизди көрө турганыбызды элестеткен эмеспиз. Бүгүнкү күндө заманбап телефондун колдонуучулар мобилдик байланыш аркылуу радио угуп, телекөрсөтүүлөрдү көрө алат.

Кесиптештерин жана өнөктөштөрүн куттуктап жатып, телекоммуникациялар, почта байланышы, телерадиоберүү тармактары республикабыздын экономикасынын негизги факторлору экендигин белгилей кеткен MegaCom компаниясынын башкы директору А.Базаркулов «Күн сайын жакшы жаңылыктарга күбө болуп жүрөлү. Өнүгүүнүн жаңы жетишкендиктеринен ырахат алалы, негизгиси жакындарыбыз менен байланышыбыз үзүлбөсүн, - деп кошумчалай кетти өз сөзүндө.

Эске сала кетсек, компаниянын эң биринчи абоненти тарабынан аткарылган алгачкы телефон чалуудан бери 8 жыл өттү. Бул жылдардын аралыгында 1600дөн ашуун базалык станция курулуп, бул көрсөткүч өлкө боюнча жалпы базалык станциялардын 50 пайызына барабар дегенди билдирет. Жаңы технологияларды өздөштүрүү жана жайылтуу боюнча байма-бай иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Бул өз кезегинде, эки жарым миллиондон ашуун абоненттерибизди сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга өбөлгө боло алат.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы