Перейти на новый сайт

Күндүн жаңылыгы: Mega акция активдештирилди!

Күндүн жаңылыгы: Mega акция активдештирилди!

MegaCom менен келишим түзүп белектерге ээ болуңуз!

MegaCom компаниясы абоненттерин персонификациялоо боюнча Mega акция өткөрүп жатат. Акцияга катышуу үчүн MegaCom менен келишим түзүп же келишимдик абонент болуп туруп компания менен келишим түзүүгө жакындарын тартуу жетиштүү.

                  

Стилдүү заманбап смартфондордон, MegaComдон фирмалык аксессуарларынан тарта акысыз баарлашууларга, SMSтерге жана Интернеттин мегабайттарына чейинки түрдүү белектер Сиздерди күтөт. Жеңишке жетүү жана баалуу белектерге ээ болуу үчүн компания менен жаңы келишим түзүү же аракеттеги номурун тариздөө үчүн досторуңузду каттатуу жетиштүү. Абоненттерди тартуу боюнча иш-аракеттерди каттоо үчүн MegaCom менен келишим түзгөн абонент : *996* абонент-коштоочунун номуру# буйруусун терүүсү керек. Абонент- коштоочу Абоненттерди компания менен келишим түзүүгө үгүттөгөн абонент абонент –коштоочу боло алат.

Канча көп абоненттерди тартсаңыз ошончо көп белектерге ээ болосуз! Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 2014-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин уланат. Толугураак маалымат менен *996 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу жана www.megacom.kg сайтынын Акция бөлүмүнөн алууга болот.

- MegaCom абоненттери персонификациялоодон өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө. Биллинг тутумунун маалыматтары боюнча күн сайын миңден ашуун адамдар бул процедурадан өтүп жатышат. SIM-картаны каттоо 3 мүнөттөй убакытты алып, абоненттерге жагымдуу бонустардан тышкары дагы эсептин деталдоосун алуу, 177 өлкөнүн 205 операторунун тармагында эл аралык роуминг кызматтарын кошуу сыяктуу бир катар артыкчылыктар да тартууланып, «Экинчи дем» кызматы аркылуу келишимдик абоненттерге гана жеткиликтүү болгон чоң көлөмдөгү насыя Сиздерди күтөт - деп белгилей кетти өз сөзүндө, Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Персонификациялоодон өтүп, өз номуру боюнча бардык маалыматтарды алуу акысыз. Мындан тышкары, жашырын форматтан келишимдик форматка өткөн абоненттик стажын жана бардык кызматтарын сактап калат. Кантип келишим түзүү керек: тейлөөнүн келишимдик формасына өтүү үчүн MegaCom абоненттери компаниянын каалаган сатуу жана тейлөө борборлоруна, дилердик өнөктөштөрдүн Фирмалык салондоруна кайрылуусу керек. Өзү менен кошо паспортун алып алуусу жетиштүү.

Маалымат үчүн: 2014-жылдын 8-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук оператор менен келишим түзүү зарыл. «Кыймылдуу радиотелефон кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү тууралуу» Өкмөттүн тиешелүү токтомуна үстүбүздөгү жылдын 17-февралында кол коюлган. Маанилүү: SIM-картаны 2015-жылдын 8-мартына чейин персонификациялоо зарыл.

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы