Перейти на новый сайт

MegaCom: телекоммуникациялар тармагында 8 жыл

MegaCom: телекоммуникациялар тармагында 8 жыл

2014-жылдын 28- апрелинде, MegaCom компаниясынын уюшулганына 8 жыл толду.

Өткөн жыл улуттук уюлдук оператор үчүн жемиштүү болгондугу кубантарлык. Уникалдуу кызматтардын киргизилиши, байланыш сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлордун байма-бай иш жүзүнө ашып жаткандыгы жана эң башкысы абоненттер тарабынан артылган ишеним мунун күбөсү. Компания 2013-жылы абоненттик базасынын саны боюнча лидерликти колдон чыгарбастан, стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктай алды. Мындай кадамдар, өз кезегинде, сервистик борборлордун жана планшеттер менен смартфондорду колдонуучулардын санынын өсүшүн шарттады.

MegaCom мекенибиздин калктуу аймагын 3G/3G+ тармагы менен 55пайызга чейин, ал эми GSMтармагы менен 95пайызга чейин камсыз кыла алды. Компания көрсөтүп жаткан мобилдик кызматтарга керектөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган дагы бир жагдай бул колдонуп жаткан түзмөктөн көзкарандысыз HSPA+ жана DC-HSDPA+ технологияларынын базасында 21 жана 42 Мбит/с ылдамдыкты камсыздаган Интернетке зымсыз жеткини сунуштоо болду көрүнөт.

Ар бир жыл компания үчүн эсте калаарлык болуп келет. 2013-жылы MegaCom компаниясы тарабынан «Мобилдик ТВ», «Сен кайдасың?» уникалдуу кызматтары, «МегаЖардамчы» тиркемеси ишке киргизилген. Prestigio жана Huawei мобилдик түзмөктөрүнүн түрлөрү көбөйүп, колдонуучулардын катары толукталды. Жеткиликтүүлүк, сапат жана аларды сатып алууда сунушталуучу кошумча артыкчылыктар-баланска бирдиктер, белекке берилүүчү SIM-карталар кардарлардын көңүлүнө төп келди.

Өткөн жылы MegaCom абоненттеринин жеке мүдөөлөрүн эске алуу менен ар бир абонент үчүн ыңгайлуу болгон «INSIDE» кызматтар топтомун сунуштаган. Өз тарифиңди түзүп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Тарифтик линейканын дагы бир өзгөчөлүгү үн байланышы кызматынан колдонуучулар үчүн түйүн ичиндеги сүйлөшүүнүн бир мүнөтүнүн наркы 0,4 сомго чейин жана «559» атайын сунушунун алкагында 0 сомго чейин төмөндөгөндүгү менен байланыштуу.

Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагын өнүктүрүү менен MegaCom өлкө экономикасын өнүктүрүүгө да байма-бай салым кошуп келет. Мындай үзүрлүү иш-аракеттер коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Жетишкен ийгиликтери үчүн компания Кыргызстандагы телекоммуникациялык компаниялардын ичинен алгачкылардан болуп кызматтардын жана өнүмдөрдүн сапатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн премиясына татыктуу боло алды. MegaCom компаниясы өлкөбүздөгү мыктылардын мыктысы!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Отказ от SMS-рассылок

  • Услуга

    Услуга «Я звонил/Мне звонили»

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    Викторина «Пополняй и выигрывай»