Перейти на новый сайт

MegaCom «Mega Билимдин» алкагында мектептерге жаңычыл долбоорлорду сунуштайт

MegaCom «Mega Билимдин» алкагында мектептерге жаңычыл долбоорлорду сунуштайт

MegaCom компаниясы тарабынан сунушталган, маалымат-коммуникациялык технологияларын билим берүү системасына жайылтууга багытталган жаңычыл ыкмалар «Mega Билим» долбооруна катышкан мектептердин мугалимдеринин арасында зор кызыгууну туудурду.

Өз ичине кыргыз тилиндеги 15000ден ашуун терминди камтыган «Электрондук көп тармактуу илимий энциклопедия» жана «Билим-Сапат-Монитор» программасы информатика мугалиминин түйшүктүү эмгегин бир кыйла жеңилдете тургандыгы бышык. Дагы бир кубанычтуу жагдай, аталган долбоорлорду иштеп чыккан «Манас» университетинин илимий кызматкерлери - Кадыр Момуналиев жана Касым Барыктабасов аталган эмгектерин пайдалануу үчүн акы талап кылбай тургандыгын билдиришти.

«Аталган форумду өткөрүү менен, буга чейин жер-жерлерде уюштурулган тегерек үстөлдөрдү жыйынтыктадык. MegaCom компаниясынын бул ири долбоору билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү мыкты саамалык болду десек жаңылышпайбыз, «МегаБилимге» катышкан мектептердин мугалимдери алгачкылардан болуп, долбоор алкагында үйрөнгөн ыкмаларды колдонуу менен, теория жана практиканы айкалыштырып өз сабактарын өтө алышат», - MegaCom компаниясынын PR –бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Бардык катышуучуларга, 7-9-класстар үчүн «Информатика жана маалымат-коммуникациялык технологиялар» усулдук окуу куралы тапшырылган. Бул колдонмо КРдин билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү академиясынын жана «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорунун колдоосу менен, мобилдик этикет, уюлдук байланыштын иштөөсү жана мобилдик алдамчылыктын алдын алуу боюнча класстан тышкары сабактарды өткөрүү үчүн иштелип чыккан.

Долбоор жөнүндө маалымат: MegaCom уюлдук операторунун билим берүү долбоору 2011-жылдын сентябрында ишке киргизилген. Долбоор башталган 2 жылдын ичинде, республиканын 143 жалпы билим берүү мекемеси, башкача айтканда КРдеги мектептердин жалпы санынан 7 пайызы, MegaCom USB-модемдери аркылуу интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ак түстөгү компьютерлер менен жабдылган. Меценат -компания мектептерди компьютерлер менен жабдуу менен бирге, аларга атайын эмерек, компьютерге керектүү майда буюмдар жана информатика мугалимдери үчүн Linux операциялык системасы менен иштөө боюнча билимдерин жогорулата турган 3 күндүк алым сабактарды уюштурган.

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы