Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борбору «Беш-Сары» соода борборунда ачылды

MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борбору «Беш-Сары» соода борборунда ачылды

MegaCom компаниясы өз абоненттерин жогорку деңгээлде тейлөөгө өзгөчө көңүл бурат. Бул максатта сатуу жана абоненттерди тейлөө түйүндөрүн кеңейтип келет. Ордо калаабызда ачылган кезектеги сервис-борбордун дареги: Бейшеналиева көчөсү 11, «Беш-Сары» соода борбору, 1-кабат ( Ош базарынын аймагында).

Жаңы ачылган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун кесипкөй адистери абоненттерге кеңеш берип, аларга кызматтардын төмөндөгү түрлөрүн сунуштоодо:

  • келишим түзүү жана тармакка туташуу;
  • балансты комиссиясыз толуктоо;
  • чалуулардын деталдоосун алуу;
  • тармакка кошулуу жана кошумча байланыш кызматтары менен пайдалануу боюнча адистердин кеңештери;
  • тарифтик планды тандоо же алмаштыруу ж.б.

Ош базарындагы «Беш-Сары» соода борборундагы жаңы СТБнын ачылышына карата 2014-жылдын 22-апрелинен 1-майына чейин, MegaCom уюлдук тармагына кошулууда бардык абоненттер акысыз 50 SMS алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми балансты 50 сомго же андан көп суммага толуктаган учурда, бонустук SMSтер суммаланып (кошулуп), аракет мөөнөтү балансты толуктаган күндөн тарта 10 календардык күнгө узартылат.

«Беш-Сары» соода борборундагы жаңы Сатуу жана тейлөө борбору өз кардарларын ар күн сайын жана дем алыш, майрам күндөрү да саат 09:30дан 18:00гө чейин күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы