Перейти на новый сайт
«Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” MegaCom жамааты Жер Күнүн белгилешти

«Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” MegaCom жамааты Жер Күнүн белгилешти

22-апрель, 2010-жылдан тарта, дүйнө жүзү боюнча Жер Күнү катары белгиленип келет. Бул күн Жер планетасынын жаратылышын көздүн карегиндей сактоо керек экендигин адамзаттын эсине салып тургандай. Жер эне алдындагы парзын эстен чыгарбаган жамаатыбыз бул жылы да демилгени четке каккан жок.

         

Маалыматтар сандар менен:

  • Компанияга бөлүнгөн жерлерди тазалап, жашылдандыруу максатында өткөрүлгөн ишембиликке MegaCom компаниясынын 600дөн ашуун кызматкери билек түрө катышты;
  • Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» суусу жана ага чектеш жайгашкан аймактын 15 000 чарчы метр аянты;
  • Облустарда 6 муниципалдык аймактын жер тилкелери тазаланды;
  • Көрктөндүрүү максатында 1400дөн ашуун көчөт тигилди.


MegaCom компаниясынын Нарын, Талас, Каракол, Баткен, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да ишембиликти жапырт колдогондугу кубантарлык жагдай. Бул багытта компания тарабынан колго алынып келе жаткан иш-чаралардын катарына «MegaCoм Аллеясы» узак мөөнөттүү экологиялык долбоорун кошууга болот. Аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча сирендин, шуунун, туянын, ак чечектин, мажүрүм талдын жана алмурут,өрүк, алма, алча сыяктуу жемиш бактарынын , мындан тышкары роза гүлүнүн жана тосмого ылайыкталган бадалдардын көчөттөрү тигилген.

          

Экология маданияты MegaCom компаниясынын корпоративдик ишмердигинин бир бөлүгү десек ашыкча болбос. "Жашыл кеңсе" долбоорунун алкагында кызматкерлер үчүн велосипед токтоочу жай жабдылган, ал эми электр кубатын үнөмдүү пайдалануу, компаниянын ресурстарына аяр мамиле кылууга багытталган үгүттөө иштери улуттук уюлдук оператордун көңүл борборунда. Компанияда бүгүнкү күндө иш кагаздарын жүргүзүүнүн электрондук түрү тажрыйбаланып келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы