Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы дагы бир ирет алкышка татыды

MegaCom компаниясы дагы бир ирет алкышка татыды

Мекенибиздин билим берүү тармагына көрсөткөн колдоосун татыктуу баалаган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улуттук уюлдук операторго ыраазычылык катын жолдоду.

«MegaCom компаниясынын «Mega Билим» долбоору аркылуу республикабыздын мектептерине тартууланган заманбап мультимедиялык жабдуулар билим берүүнүн сапатын гана жогорулатпастан, жаш жеткинчектердин татыктуу келечек ээлери болушуна да бараандуу салымын кошмокчу», - деп айтылат КРдин билим берүү жана илим министри Канат Садыков тарабынан жолдонгон ыраазычылык катта.

MegaCom компаниясы «Меga Билим» долбоорунун алкагында өлкөбүздүн мектептеринин 7 пайызын компьютердик класстар менен камсыз кылган. 2013-жылдын август айына карата компания тарабынан 143 компьютердик класс ачылган. «Mega Билим» класстарынын ар бири ак түстөгү 7 компьютер, атайын эмеректер менен жабдылып, мындан тышкары долбоорго катышкан ар бир мектепке «Ыкчам интернет» тарифтик планы менен USB-модем дагы тартууланган..

Мектеп директорлорунун, информатика сабагынын мугалимдеринин жана билим берүү секторунун өкүлдөрүнүн, КРдин илим жана билим берүү министринин орун басарынын, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, маалымат-коммуникациялык технологиялар багытында үзүрлүү эмгектенип жаткан профессорлордун, илимдин докторлорунун, илимий ишмерлердин башын коштуруп «Маалымат -коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу» деген аталыш менен өткөн форум аталган долбоорду расмий түрдө жыйынтыктады десек болчудай.

MegaCom Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын өнүктүрүү жана жаңычылдыктар үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы