Перейти на новый сайт
MegaCom - «Маалымат -коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу» деген аталыштагы форумдун демилгечиси.

MegaCom - «Маалымат -коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу» деген аталыштагы форумдун демилгечиси.

Кыргызстандын мобилдик оператору маалымат-коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу максатын көздөгөн «Mega Билим» долбоорунун жыйынтыгын чыгарды.

Аталган форум «Mega Билим» долбоорунун алкагында иш-чарага катышкан мектеп директорлорунун, информатика сабагынын мугалимдеринин жана билим берүү секторунун өкүлдөрүнүн, КРдин илим жана билим берүү министринин орун басарынын, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, маалымат-коммуникациялык технологиялар багытында үзүрлүү эмгектенип жаткан профессорлордун, илимдин докторлорунун, илимий ишмерлердин катышуусу менен өттү. Форумдун катышуучуларына заманбап маалымат коммуникацияларын жайылтуу жана информатика мугалимдеринин түйшүктүү эмгегин жеңилдетүүнү көздөгөн жаңычыл долбоорлор сунушталды:

  • «Мектептерди топтойбуз – жамааттарды топтойбуз» ЭЭБУ (ITU) – Жанна Баракова, тех. илим.,канд., доцент, МСТТ кафедра башчысы;
  • «Мобилдик сабаттуулук сабактары» (MegaCom) – Жумгалбек Өмүрканов, коомчулук менен байланыш боюнча башкы адис;
  • «Электрондук күндөлүк» (Билим берүү инновациялар борбору) - Зиннур Салимжанов, долбоордун жетекчиси;
  • «Билим-Сапат-Монитор» (КТУ «Манас») – Касым Барыктабасов, улук окутуучу;
  • « Кыргызстандын көп тармактуу жана илимий электрондук энциклопедиясы ( «Манас» КТУ) – Кадыр Момуналиев, илимий кызматкер;
  • «МКТдагы аялзатынын орду» (Электроника жана телекоммуникация институту) - Айнура Садырбаева, илимий кызматкер.

Мындан тышкары, «Информатика жана маалымат коммуникациялык технологиялар» окуу куралынын жана MegaCom’дун жаңы билим берүү долбоору - «Телекоммуникация дүйнөсүнө саякат кылуу» деген аталыштагы мультсериалынын бет ачары болду.

Келечек муун үчүн коммуникациялык технологиялар дүйнөсүнүн каалгасын ачуу, ээ болгон маалыматтарын өз ишмердигинде анын ичинде билим берүү тармагында активдүү пайдалануусуна шарт түзүп берүү конференцияны өткөрүүгө түрткү болду.

Форум МКТны билим берүү процессине киргизүү боюнча келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулоо жана мектептердин окутуу жана окуудан тышкаркы убакыттагы ишмердүүлүгүндө МКТны пайдалануу тажрыйбасы менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Иш чаранын жүрүшүн чагылдырган сүрөттөр менен MegaCom’дун Facebook’тагы расмий баракчасынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы