Перейти на новый сайт

MegaCom түйүндүн кубаттуулугун, каптоосун жана сыйымдуулугун үзгүлтүксүз арттырууда

MegaCom түйүндүн кубаттуулугун, каптоосун жана сыйымдуулугун үзгүлтүксүз арттырууда

2013-жыл үчүн бекитилген өнүгүү планына ылайык, өлкөбүздөгү 85 калктуу конуштун тургундары MegaCom мобилдик байланыш кызматтарынан пайдалана баштады. Жалпы алганда 200дөн ашуун базалык станция орнотулуп, жаңылануудан өттү. Анын ичинде пайдаланылган аккумулятордук батареялар алмаштырылып, электр энергиясы өчкөндө да жабдууларды иштетүүгө шарт түзгөн жаңы дизелдик генераторлор жана электр кубатын үнөмдүү пайдалана турган заманбап кабыл алуу-өткөрүүчү жабдуулар ишке киргизилген.

Бүгүнкү күндө, MegaCom, түйүндүн каптоосунун 55 жакын пайызын түзгөн 3G/3G+ байланыш түйүнүн гана эмес, жалпы GSM түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Азыркы учурда бул көрсөткүч 95 пайызды түзөт.

2014-жылдагы тармакты жаңыртуу, кубатын көбөйтүү жана каптоо аймагын кеңейтүү планына ылайык, MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айына төмөнкү иштер жүргүзүлгөн.

Тармактын каптоо аймагын кеңейтүү жана жаңылоо иштери Ош облусунун Ак-Босого айылында ишке ашырылган. Ал эми, төмөнкү калктуу конуштардагы MegaCom мобилдик байланыш операторунун абоненттери түйүндүн туруктуу кабыл алуусун жана кызматтын сапатын баамдай алышат:

  • Баткен облусунун Үч-Коргон айылы;
  • Жалал-Абад облусунун Жыгач-Коргон (мурунку Фрунзе атындагы), Чымчык-Жар, Пригородное айылдары;
  • Ысык-Көл облусунун Октябрь, Фрунзе айылдары;
  • Ош облусунун Ош шаары жана Лангар, Кайрагач-Арык, Сары-Могол, Сары-Таш, Хауз айылдары.
  • Бишкек шаары жана Чүй облусундагы Чалдыбар айылы.

3.75G түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүү жана жакшыртуу иштери Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүргүзүлгөн.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы