Перейти на новый сайт

MegaCom’дун колдоосу менен Акыл-Battle интеллектуалдуу оюндар өтүүдө

MegaCom’дун колдоосу менен Акыл-Battle интеллектуалдуу оюндар өтүүдө

Борбор калаабызда интеллектуалдуу-көңүл ачуучу долбоорлордун популярдуулугу өзгөчө күч алууда. Өткөн жекшембиде, кызуу талкуулоону жана ой жаңырыгын сунуштаган «Акыл-Battle» долбоорунун кезектеги оюну болуп өттү. Айтмакчы, бул өлкөбүздөгү кыргыз тилинде өткөрүлүүчү долбоордун бири. Ал эми, оюндун катышуучуларынын байге фонду MegaCom компаниясы тарабынан тартууланган.

Жекшемби күнү өткөрүлгөн “Музыка” темасындагы оюнда 5 адамдан турган 12 команда катышкан. Оюндун башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясынын фирмалык белектери эң мыкты болуп таанылган «Даанышман», «Битломандар», «До+Фа», «Медиа Манас» төрт командага тапшырылды. Мындан тышкары, мобилдик байланыш операторунун MegaMusic жана башка кызматтары жөнүндө көп билген жана эң жигердүү катышуучуларына эксклюзивдик флешкалар, термокружкалар, жылнаамалар, күндөлүктөр, кол чатырлар жана кепкалар берилди.

Жанар Акаев: «Акыл-Battle» клубунун уюштуруучуларынын бири. «Бүгүнкү оюнду жыйынтыктап жатып билим тармагын жана жаштарды колдоп берген MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Өзүнүн билгичтигин жалпыга даңазалап, белектерге ээ болууну каалагандардын баардыгын Акыл-Battle таймашына катышууга чакырабыз. Оюн ар жекшембиде саат 18-00 Бишкектеги «247» кафе-студиясында өтөт. Ырчылар, музыкалык топтор келип катышуучулардын көңүлүн көтөрүп, жандуу үн менен ырдап чыгармаларын тартуулашат.

«Акыл-Battle» оюнчуларга акыл-билимин көрсөтүү гана эмес, достордун жана кесиптештердин арасында эң мыкты команда наамы үчүн күрөшүү маалында, бири-бири менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Оюн катышуучуларынын логикалык ой жүгүртүү жана командада иштөө жөндөмдүүлүгүнө, тамашакөйлүгүнө, шайырдыгына өзгөчө көңүл бурулат. Дем алыш күнү «247» кафе-студиясына келген адамдардын көп болгондугу, интеллектуалдуу кечелердин популярдуулугу өсүп келе жаткандын белгиси экени шексиз.

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы