Перейти на новый сайт
MegaCom Сатуу жана тейлөө борбору Баткен облусунун Исфана шаарында да ачылды

MegaCom Сатуу жана тейлөө борбору Баткен облусунун Исфана шаарында да ачылды

MegaCom компаниясы жер-жерлерде тейлөө түйүндөрүнүн санын көбөйтүп келет. Кезектеги Сатуу жана тейлөө борбору үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Исфана шаарында ачылды.

MegaCom өкүлчүлүгүнүн ачылышы чар тарабынан тоолор менен курчалган Исфана шаарынын тургундары үчүн маанилүү окуялардан болду. Кызыл тасманы кесип жатып, компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева төмөндөгүлөрдү белгилей өттү : «Жаңы тейлөө борборун ачуу менен, компания шаар тургундарына сапаттуу байланыш кызматтарынан колдонууга чыйыр салып гана бербестен, жаңы жумуш орундарын түзүп берди. Бул жергиликтүү калктын турмуш-тиричилик абалын жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Бул болсо, MegaCom компаниясынын аймактарда бизнести өнүктүрүүнү гана максат кылбастан, тигил же бул облустагы калктын жашоо-турмушун жакшыртууну да көздөгөндүгүнөн кабар берип турат».

Исфана шаарындагы тейлөө борбору ачылган алгачкы эле күнү, шаардын тургундары жана меймандары жаңы кеңсенин босогосун атташты. Алар компания менен тейлөө келишимин түзүү, SIM-карта сатып алып же алмаштыруу, балансты комиссиясыз толуктоо, тескөө жүргүзүү кызматтарынан пайдаланып, компаниянын кесипкөй адистеринин кеңештерин ала алышты. Бардык келген абоненттер майрамдык дасторкондон даам сызып, акысыз SMS топтомдор түрүндөгү күтүлбөгөн белектердин ээси болушту. «Бонус SMS» акциясы 19-апрелге чейин уланмакчы.

Жаңы сатуу жана тейлөө борбору саат 9:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз жана тыныгуусуз иштейт. Жайгашкан дареги: Исфана шаары, Дадасян көчөсү н/ж, борбор базардын кириш жагында, болжол менен: автобекеттин аймагында.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы