Перейти на новый сайт
«Альфа Телеком» ЖАК 2013-жыл үчүн аудит кылынган каржылык жыйынтыктарын жарыялайт

«Альфа Телеком» ЖАК 2013-жыл үчүн аудит кылынган каржылык жыйынтыктарын жарыялайт

Кыргызстандын уюлдук байланыш тармагынын көч башында келе жаткан, ири салык төлөөчүлөрдүн жана инвесторлордун катарын толуктаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) каржылык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өнүгүшүн чагылдырган, 2013-жылдын аудит кылынган жыйынтыктарын жарыялайт.

Белгилей кетсек, 2013-жылдын 12 айы үчүн компаниянын түшкөн акчасы 8 млрд.102 млн.сомду түзгөн болсо, бул көрсөткүч 2012-жылдын 12 айына салыштырмалуу 5,3 пайызга, 2011-жылдын 12 айына салыштырмалуу 17 пайызга, ал эми 2010-жылдын 12 айы үчүн 39 пайызга жогору дегенди билдирет.

2013-жылдын 12 айы үчүн республиканын казынасына төлөнгөн салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр 1 млрд 882 млн сомду түзсө, өсүү деңгээли 2012-жылдын 12 айына салыштырмалуу 23,2 пайызды, ал эми 2011-жылдын 9 айына салыштырмалуу 44 пайызды жана 2010-жылдын 12 айына салыштырмалуу болжол менен 147 пайызды түздү.

Компания мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу менен өлкө казынасына бараандуу салымын кошуп келет. 2013-жылдын 12 айынын ичинде компания 17 млрд. 785 млн. сом суммасындагы Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин мамлекеттик казына векселдерин жана Улуттук банкынын ноталарын сатып алса, 2013-жылдын 12 айы үчүн төлөнүп берилген баалуу кагаздардын суммасы 15 млрд 521 млн. сомду түзгөн (таблицаны кар.).

Өлкөнүн ири операторунун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү, эл аралык ири аудит кылуучу компаниялардын текшерүүсүнөн жыл сайын өтүп келет.
 

Көрсөт күчтөрдүн аталышы 2010-жыл 2011-жыл 2012-жыл 2013-жыл
Түшкөн акча 5 млрд. 830 млн. сом 6 млрд. 910 млн сом. 7 млрд. 690 млн. сом 8 млрд. 102 млн. сом
КР бюджетине которул ган салык жана башка төлөмдөр 761 млн. сом 1 млрд. 303 млн сом. 1 млрд. 528 млн. сом 1 млрд. 882 млн. сом
Ушул убакыт ичинде төлөнгөн дивиденддер 260 млн. 820 миң сом 541 млн. 352 миң сом 663 млн. 629 миң сом Акционерлердин жалпы чогулушунун жыйынтыктары боюнча аныкталат
Сатып алынган мамлекеттик баалуу кагаздар - 1 млрд. 700 млн. сом  - 17 млрд. 785 млн. сом
Мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн төлөнүп берилген каражат -  - 1 млрд. 321 млн. сом 15 млрд. 521 млн. сом

 

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы