Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери үчүн төлөм жүргүзүү наркы өзгөртүүсүз калат

MegaCom абоненттери үчүн төлөм жүргүзүү наркы өзгөртүүсүз калат

Тазабек маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын 1-апрелинен баштап Quickpay төлөм системаларында айрым уюлдук операторлордун абоненттеринен төлөм кабыл алуу наркы жогорулады. Аталган билдирүүдө кошумчалангандай, төлөм жүргүзүүнүн наркынын жогорулоосу бардык төлөм системаларына тийиштүү. Бирок бул MegaCom абоненттерине тиешеси жок.

MegaCom компаниясынын адистери MegaCom абоненттери үчүн төлөм жүргүзүүнүн наркынын жогорулабай тургандыгын билдиришти.

«Урматтуу абоненттер, мобилдик эсептин балансын толуктоо үчүн алынуучу комиссиянын өлчөмү MegaCom абоненттери үчүн 5 сомдон жогору болбойт. Мындан тышкары, балансты толуктоо үчүн алынуучу белгиленген нарктан ашыкча сумма талап кылынган учурда, бул тууралуу *300 номуру аркылуу билдирүү керек экендигин белгилей кетели. Мындай жагдайлар милдеттүү түрдө каралып, чаралар көрүлөт», - дейт өз сөзүндө MegaCom компаниясынын PR-бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Өлкөбүз боюнча, улуттук мобилдик оператордун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун, Фирмалык салондорунун, брендделген MegaCom терминалдарынын түйүндөрүндө, Кыргыз почтасынын байланыш бөлүмдөрүндө, «Оптима» жана «Дос-Кредобанк» банктарынын сактык кассаларында балансты комиссиясыз толуктоого боло тургандыгын эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Ал эми төлөм кабыл алуу терминалдары, GeoPay, «Элсом», «Мобильник» электрондук капчыктары жана башка коммерциялык банктар жана сатуу түйүндөрү аркылуу, 5 сомго чейин комиссия менен, байланыш кызматтары үчүн акы төлөөгө болот.

Тейлөө сапаты боюнча пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу номуру – *300

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы