Перейти на новый сайт
Куршаб айылындагы MegaCom фирмалык салону өз ишин улантты

Куршаб айылындагы MegaCom фирмалык салону өз ишин улантты

Эми, Ош облусунун Куршаб айылынын жашоочулары үчүн MegaCom көрсөткөн кызматтардан пайдалануу абдан ыңгайлуу болуп калды. 2014-жылдын 14-мартында аталган аймактагы фирмалык салон өз ишин улантты.

MegaCom фирмалык салону кызматтардын төмөндөгү түрлөрүн көрсөтөт:
Тармакка кошулуп жана номурду каттоо, тарифтик планды тандоо, балансты комиссиясыз толтуруу, SIM-картаны калыбына келтирүү, тарифтик планды же номурду алмаштыруу, кошумча кызматтарды кошуу жана пайдалануу боюнча адистин кеңешин алуу.

«Бонус SMS» акциясы: 25 –марттан 31- мартка чейин жаңы ачылган Фирмалык салондун ачылышына карата акциянын шарттарына ылайык аталган салондон балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттерге 10 күндүн аралыгында түйүн ичиндеги 50 акысыз SMS тартууланат. Фирмалык салондо балансты кайрадан толуктоодо акысыз SMSтер суммаланат, аларды колдонуу мөөнөтү баланс акыркы жолу толукталган убакыттан тарта 10 календардык күнгө узартылат.

Дареги: Айти-Камчыбеков көч., 132 ( «Ынсап» кичи базары жайгашкан аймак)
Иштөө убактысы: саат 9:00 дөн 18:00 гө чейин. Майрам күндөрү 9:00 дан 13:00 гө чейин. Дем алыш-жекшемби.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар MegaCom уюлдук оператору менен келишим тузүү үчүн компаниянын 47 тейлөө борборунан жана салондорунан пайдалана алышат . Мекенибиздин аймагында мындай салондордун саны өсүүдө, үстүбүздөгү жылы 40ка чамалуу сервис-борбор ачылмакчы. Компания өз абоненттерине ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү максатын көздөйт жана бул багытта алгылыктуу аракеттерди жасап келет.

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы