Перейти на новый сайт

MegaCom 3,75G каптоо аймагын жана GSM түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүнү улантып келет

MegaCom 3,75G каптоо аймагын жана GSM түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүнү улантып келет

MegaCom компаниясы, Кыргызстандын алыскы аймактарында жабдууларды орнотуу жана жаңылоо аркылуу радио түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүнү улантууда.

Бүгүнкү күнү, MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Баткен облустарында 3,75G байланыш түйүнүн кеңейтүү жана жаңылоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. (Баткен облусунун Исфана, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарларында жүргүзүлгөн). Абоненттер үчүн кызматтардын сапатын жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзгөн, 3,75G каналынын сыйымдуулугун кеңейтүү иштери Бишкек шаарында ишке ашырылган.

Компания 3,75G байланыш түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүү гана эмес, өлкөбүздүн калк жайгашкан алыскы аймактарында байланыш сапатын жогорулатууга басым жасоодо. Ош облусунун Савай-Арык жана Курбан-Кара, Жалал-Абад облусунун Аркит жана Арал, Ысык-Көл облусунун Оттук айылдарынын жана Туз-Көл аймагынын тургундары сапаттуу уюлдук байланыш кызматтарынан алгач пайдалана алышты.

Үн кызматтарынын жана пакеттик берилиштерди өткөрүү сапатын жогорулатууга багытталган 2G байланыш түйүнүн кеңейтүү иштери Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында аткарылган. Мындан тышкары, MegaCom операторунун абоненттери түйүндүн сапаттуу жана туруктуу кабыл алуусун төмөнкү калктуу аймактарда баамдай алышат:

  • Ысык-Көл облусунун Ырдык, Ак-Өлөн, Отрадное, Өрнөк, Кара-Шаар айылдары жана Каракол шаары;
  • Жалал-Абад облусунун Кызыл-Багыш, Ууру-Жар, Жаңы-Арык айылдары жана Кочкор-Ата шаары;
  • Баткен облусунун Ак-Сай, Чал-Таш айылдары жана Исфана шаары;
  • Талас облусунун Үч-Булак жана Бакыян айылдары.

Компаниянын миллиондогон абоненттерине сапаттуу байланыш менен камсыздоо максатында, MegaCom компаниясы республика боюнча тармактын каптоо аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Азыркы учурда, MegaCom компаниясынын байланышы, өлкөнүн калк отурукташкан аймагынын 95 пайызын каптап келет.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    VoLTE

  • Услуга

    MegaKassa

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    «Ты где?»