Перейти на новый сайт
MegaCom: SIM-карталарды персонификациялоо боюнча кадамдар

MegaCom: SIM-карталарды персонификациялоо боюнча кадамдар

MegaCom компаниясы, персонификациялоо боюнча мамлекеттин демилгесин колдоо менен, абоненттерге оператор менен келишим түзүүнүн зарылдыгын маалымдап келет. «Зымсыз радио телефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндөгү» токтомго 2014-жылдын 17-февралында кол коюлуп, ал үстүбүздөгү жылдын 8-мартында өз күчүнө кирди.

Тейлөө борборлорунун саны көбөйүүдө. MegaCom Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы абоненттерин тейлөөнүн келишимдик формасына өткөрүү үчүн белсене киришти. Компания Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлор (СТБ), Фирмалык салондор (ФС) түйүнүн активдүү өнүктүрүүдө. 2013-жылдын ичинде өлкө аймактарында компаниянын 20 тейлөө борборлору ачылган. Бүгүнкү күндө, кыргызстандыктар 47 MegaCom тейлөө борборлорунда жана салондорунда оператор менен келишим түзө алышат. Бул жылы КРдин аймагында дагы 40 тейлөө борборунун ачылышы пландаштырылган.

Секундалык тарифтөө. Азыркы учурда, өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору секундалык тарифтөө каралган 70тен ашуун тарифтик пландардын, опциялардын түркүмүн өз абоненттерине сунуштоодо жана алардын саны күн санап өсүүдө.
Номурду каттоо бонусу. Оператор менен келишим түзүүнү каалаган абоненттер үчүн атайын акция сунушталат. Акция алкагында абоненттин каалоосу боюнча түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон 20 мүнөт, 50 SMS жана 50 Мб тартууланат.

Артыкчылыктар. Номурду өзүнө каттатып алган абоненттер, өз номуру тууралуу бардык маалыматты акысыз ала алат. Мындан тышкары, тейлөөнүн жашырын формасынан келишимдик формасына өтүүдө, абоненттин кошулган бардык кызматтары, түйүндө тейленген жылдары сакталат, жана да бир катар артыкчылыктарга ээ боло алат: мисалы, эсебинин деталдоосун алуу, 177 өлкөнүн 200 операторунун тармагында эл аралык роуминг кызматын кошуу жана контракттык абоненттер үчүн гана жеткиликтүү болгон кызматтардын түркүмү, маселен«Экинчи дем» кызматы боюнча чоң өлчөмдөгү насыяны алуу мүмкүнчүлүгү.

Келишимди кантип түзүүгө болот. Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүүнү каалаган MegaCom абоненттери компаниянын дилердик өнөктөш -тармактарынын Фирмалык салондорунда же сатуу жана тейлөө борборлоруна келүүсу керек. Өзү менен паспортун ала келүүсү жетиштүү. Номурду каттоо боюнча бардык кызыктырган суроолорду MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо кызматынын адистеринен 0555 50 00 00 же *500 телефондору аркылуу алууга болот, компаниянын абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Викторина «Собери машину»

  • Услуга

    «Запрет коротких SMS номеров» и «Запрет коротких IVR номеров»

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге