Перейти на новый сайт
MegaCom: жаңы номурга жеңил кадам

MegaCom: жаңы номурга жеңил кадам

Көптөгөн абоненттер номурун алмаштырууда өзүнүн жаңы маалыматтарын бир нече досуна гана билдирет. MegaCom компаниясы, өз номурун алмаштырууда, баарлашуу чөйрөсүн сактап калууну каалагандар үчүн жаңы кызмат тартуулайт.

«MegaCom’го жеңил кадам» кызматы – досторго жана жакындарга телефондун жаңы номуру тууралуу билдирүүнүн эң жеңил жолу: *707*0ххххххххх# терүү же 707 кыска номуруна 0ххххххххх – Сиздин эски номур менен SMS жөнөтүү аркылуу кызматты бир жолу гана активдештирүү жетиштүү. Андан соң, эски номурдан жаңы номурга дарек жаңыртуу кызматын кошуу зарыл.

Сиздин эски номуруңузга чалуу аткарган абонент, автомаалымдагычтан Сиздин жаңы номуруңуз тууралуу маалыматты угат. Андан кийин, система эки SMS-билдирүү жөнөтөт: Сизге ким жана качан чалууга аракет кылгандыгы тууралуу маалыматты камтыган биринчи билдирүү Сиздин жаңы номуруңузга келсе, ал эми чалуу аткарган абонентке абоненттин жаңы номуру тууралуу маалымдаган билдирүү келет.

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн бир тараптуу же эки тараптуу маалымдоо режимин киргизүү сунушталат. Кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Толук маалымат компаниянын расмий сайтында жана *707 номуру боюнча жеткиликтүү (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз).

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    «Чёрный список»

  • Услуга

    "Определитель номера"

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»