MegaCom Казакстандагы роуминг чөлкөмүн кеңейтүүнү ийгиликтүү улантууда
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан тарта, MegaCom Казакстандагы TELE2 байланыш операторунун тармагында 3G/GPRS-роуминг кызматын ишке киргизди.
Буга чейин, MegaCom абоненттери үчүн GPRS-роуминг кызматы Казакстан республикасынын «КаР-Тел» операторунун тармагында жеткиликтүү эле. Кызмат жакындар жана кесиптештер менен чалышуу гана эмес, мобилдик Интернет, WAP жана MMS кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Роумингде жүргөндө 3-муундагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик Интернеттен Kcell операторунун тармагында да пайдаланууга болот. Мындан тышкары, казакстандык K’Cell операторунун тармагында роумингде жүргөндө, Сиз, «Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы аркылуу номурду алмаштырбастан жана мурун кошулган кызматтарды жоготпостон, жоголгон же бузулган SIM-картаны оңой эле кайрадан калыбына келтире аласыз. Бул үчүн, Алматы шаарындагы K’Cell операторунун кеңселеринин бирине кайрылуу зарыл: Самал 2 мкр, 100-үй же Алимжанов көч.,51. SIM-картаны алмаштыруу үчүн паспорт болушу керек.
Ал эми, «Роумингдеги кайтарым чалуу» жана «Үнөмдүү роуминг» кызматтарын пайдалануу менен, Казакстан багыты боюнча чыккан чалууларды 25 сомдон жана кирген чалууларды 5 сомдон кабыл алып, чалуулардын тарифтөөсүнөн каражатты бир кыйла үнөмдөөгө болот.
MegaCom роуминги – бул пайдалуу тарифтер жана ыңгайлуу төлөө формасы. Толук маалыматты *500 же 0555 500000 номурларына (чалуу акысыз) чалуу аткарып же компаниянын расмий сайтынан билүүгө болот.
MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы