Перейти на новый сайт
Алдын ала төлөнүүчү роуминг эми MegaCom абоненттеринин бардыгына жеткиликтүү

Алдын ала төлөнүүчү роуминг эми MegaCom абоненттеринин бардыгына жеткиликтүү

2014-жылдын 11-мартынан тарта, MegaCom абоненттери “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматына кошулууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

“Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматы оператордун эсептешүүнүн алдын- ала төлөө системасынан колдонгон бардык абоненттерине автоматтык түрдө кошулат жана баланс жетиштүү болгон учурда жеткиликтүү болот. Демек, кызматка кошулуу үчүн телефондон атайын буйрууну терүүнүн зарылчылыгы жок.

«Роумингдеги үн байланыш жана SMS билдирүүлөрдү онлайн тарифтөөнүн жардамы менен MegaCom абоненттери роуминг кызматынан пайдалануу учурунда балансын көзөмөлдөп, балансында канча каражат калганынын текшере алышат. Баланс нөлгө жеткен учурда, абонент балансын каалаган суммага толуктаганда, кызмат автоматтык түрдө жектиликтүү болуп калат, - деп баяндай кетти өз сөзүндө роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

Дүйнө жүзүнүн чар тарабында абоненттерине өз кызматтарын көрсөтүү үчүн, компания роуминг-өнөктөштөрүнүн катарын кеңейтүүнү улантып келет. Бүгүнкү күндө, абоненттерибиз көптөгөн өлкөлөрдө аталган кызматтан пайдаланып жатышкандыгы буга айгине. Алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматынан пайдаланууга мүмкүн болгон мамлекеттердин тизмеси менен компаниянын сайтынан таанышып же толугураак маалыматты *500 же 0 555 50 00 00 аркылуу алууга болот (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз).

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    "Определитель номера"

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Перезвони мне»

  • Услуга

    «La-La Music»