Перейти на новый сайт

MegaCom “Дордой” Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна бир жыл

MegaCom “Дордой” Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна бир жыл

MegaCom компаниясы «Дордой» базарында жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун бир жылдыгын абоненттери менен бирге белгилөөдө.

«Дордой» Сатуу жана тейлөө борборуна келип MegaCom түйүнүнө кошулгандар жана балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктагандар «Бонус SMS» акциясынын алкагында түйүн ичинде 50 SMS жөнөтүүгө мүмкүндүк алышат.

«MegaCom Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна келген ар бир кардарга биз кубанычтабыз. Биздин кеңселерде келишим түзүүгө, SIM-картаны калыбына келтирүүгө, телефон чалуулардын деталдоосун алууга, балансын комиссиясыз толтурууга, мобилдик Интернетке кошулууга болот. Мындан тышкары, кесипкөй адистерибиз байланыш кызматтары боюнча тийиштүү кеңештерин беришет» - деп белгиледи MegaCom компаниясынын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

“Дордой” Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кош келиңиздер!

Дареги: “Дордой” ,“Мурас спорт” базары Кожевенная көчөсү, 1 (“Дордой” базарынын чыгыш тарабы, мечиттин каршысында).
Акция жөнүндө кеңири маалыматты «Дордой» Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунан алсаңыз болот. Аталган тейлөө борбору саат 8:00дөн 17:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштейт. Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун даректери компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «I’m OK»

    im OK 1
  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    "Определитель номера"

  • Услуга

    Сервис «Ментальная помощь»