Перейти на новый сайт

MegaCom MWC 2014 алкагында өткөн IT тармагынын алдыңкы алып баруучулары менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарууда

MegaCom MWC 2014 алкагында өткөн IT тармагынын алдыңкы алып баруучулары менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарууда

Барселонада өткөн Дүйнөлүк мобилдик конгресс компания үчүн жемиштүү болду. MegaCom компаниясынын өкүлдөрү байланыш тармагында таанымал болгон Huawei компаниясы менен тармакты көзөмөлдөөнү шарттаган – SmartCare SC системасын ишке киргизүү боюнча макулдашууларга жетишти. Бул система тармакта пайда болгон көйгөйлөр боюнча абоненттер call –борборго кайрылганга чейин эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.

«Кыргызстандын телекоммуникация тармагынын көч башында келе жаткан MegaCom компаниясы уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп жаңы системаны ишке киргизмекчи, бул кадам компаниянын техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо багыттарын жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Бул өз кезегинде тейлөө сапатын жакшыртып, кызматтардын деңгээлин жогорулатат. Заманбап телекоммуникация чөйрөсү МБТ тармагындагы мыкты натыйжаларга жетүү үчүн жаңычыл чечимдерди сунуштамакчы. Биз эң ишенимдүү жолду тандайбыз»- деп белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Өлкөдөгү телекоммуникация тармагындагы лидер, улуттук мобилдик оператор тарабынан иштелип чыккан «INSIDE» топтомдору, «MegaCom’дон Online TV» мобилдик телекөрсөтүүсү, «Сен кайдасың?» жана башка жаңыдан киргизилген кызматтары 2013-жылда өткөрүлгөн дүйнөлүк хай-тек форумга катышуунун натыйжалуу болгондугунан кабар берип турат.

Барселонадагы бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресс (World Mobile Congress) – жылда өткөрүлүүчү төрт ири техно-көргөзмөлөрүнүн бири. Бул жылы да маанилүү иш чарага MegaCom компаниясынын кызматкерлери катышты. Алар ар түрдүү инновациялык көргөзмөлөргө катышып, акыркы телекоммуникациялык жана мобилдик кызматтар менен таанышып, мобилдик түзмөктөрдү жана IT-жабдууларды жасоочу алдыңкы өндүрүүчүлөр менен иштиктүү жолугушууларды өткөрүштү.
 

Сунушталган кызматтар

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы