Перейти на новый сайт
MegaCom: аралыктан көзкарандысыз жакындарыңдын балансын толукта

MegaCom: аралыктан көзкарандысыз жакындарыңдын балансын толукта

MegaCom балансты толтуруунун кошумча ыкмасын эсиңиздерге салат, башкача айтканда Россияда же КМШ өлкөлөрүндө жүргөн абонент Кыргызстандагы абоненттин балансын толуктай алат. Бул кызмат бизнес-туристтер, жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар үчүн ыңгайлуу.

«Биздин кардарлар дайыма байланышта болуп туруусу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап келүүдөбүз, – деп билдирди коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Жумгалбек Өмүрканов. – MegaCom абоненттеринин чет өлкөлөрдөгү бир туугандары жана достору бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандагы жакындарынын эсебин толуктай алышат».

КМШ өлкөлөрүнүн аймагында MegaCom абоненттеринин балансын толуктоо, ири сатуу түйүндөрү («Рапида», CyberPlat (КиберПлат) төлөмдү кабыл алуу системалары, «Связной» сатуу дүкөндөрүнүн түйүнү ж.б.) менен иштеген «Интеркоопбанк» АКБсы аркылуу ишке ашырылат. Төлөм жүргүзүү үчүн, биринчиден терминалдан «Мобилдик байланыш» категориясын, андан соң «Чет өлкөлүк операторлор», сунушталган өлкөлөрдүн тизмесинен - «Кыргызстан», операторлордун ичинен – MegaCom’ду тандоо зарыл. Пайда болгон баракчада, балансы толуктала турган номурду +996 (***)****** форматында киргизүү керек. Аягында «Мындан ары» жана «Төлөө» баскычтарын тандоо зарыл.

Бүгүнкү күндө, MegaCom абоненттерине балансты толуктоонун 8 жолу сунушталууда: дилердик сатуу түйүндөрү, почтамт байланыш бөлүмдөрү, алдын ала төлөө картасы, банк аркылуу которуулар, «Мобилдик которуу» кызматы, төлөмдү кабыл алуу терминалдары, «Мобилдик капчык», GeoPay электрондук төлөм системалары, КМШ өлкөлөрүнүн аймактарынан «Интеркоопбанк» АКБсы аркылуу балансты толуктоого болот.

Балансты толуктоонун жолдору тууралуу толук маалыматты MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматынан билүүгө болот - *500 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз).

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы