Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы чек арачыларды майрамы менен куттуктады

MegaCom компаниясы чек арачыларды майрамы менен куттуктады

Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай, Баткен облусундагы № 2022 чек ара отрядынын аскерлерине улуттук уюлдук оператор тарабынан белектер тапшырылып, майрамдык концерт уюштурулду.

Шайыр мүнөз алып баруучу, чек арачыларга жагымдуу маанай тартуулаган оюн-зоокторду өткөрсө, эстрада ырчылары Сайкал Садыбакасова, Малика Дина жана бий топтору тартуулаган ыр-бийлер айланананы шаңга бөлөп турду. Оюнга жигердүү катышкандар компаниянын белектерине ээ болушту.

Ал эми, «Жакындарыңызга чалуу» акциясынын алкагында мекен сакчылары жакынкы жана ыраакы мамлекеттердеги жакындарына бекер телефон чалып, кенен баарлышып, сагынычтарын жазышты. Баткен чек ара отрядына жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык каражатка алынган 300 төшөнчү жууркан облустагы чек ара тозотторунун бардыгына жеткирилет. Былтыр болсо компаниянын атынан Ош шаарындагы аскер госпиталында ремонт иштери жүргүзүлгөн.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов өз сөзүн мындайча жыйынтыктады:
«Ата Мекенди коргоочулар күнү өзгөчө майрам, ошондуктан биз майрамды Баткен аймагынын эр жүрөк чек арачылары менен бирге өткөрүүнү чечтик. Мына ушундай сыймыктуу кызматты аркалап, мекенибиздин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жаткан ар бир жоокердин мекени үчүн өтөгөн кызматы Кыргызстандын жаштарына татыктуу үлгү болмокчу».

Өз кезегинде, Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы Кубат Жээнбев өз ыраазычылыгын мындайча билдирди:
« Чек арачыларды майрам алдында куттуктоону чечкен MegaCom компаниясы куру келбестен өздөрүнүн белектери тактап айтканда жоокерлерге керектүү төшөнчүлөрдү ала келишкен. Компания тарабынан жасалып жаткан бул иш жоокерлердин демине дем кошуп, күч-кубат берет».

Кылымдар кыйырын кырча басып келатса да, «Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде» деген макалдын нарк насылы өчпөй, эр жүрөк азаматтарыбыз Манас бабабыздын асабасын бийик желбиретип келишет.

Сунушталган кызматтар

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы