Перейти на новый сайт

MegaCom мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүүдө

MegaCom мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүүдө

MegaCom "Мобилдик сабаттуулук сабактары" долбоорун демилгелеп келет. Кезектеги сабак Мекенибиздин ири окуу жайларынын бири болгон, Каныбек Исаков жетектеген Ош Мамлекеттик Университетинин окутуучулар жана студенттер жамаатына тартууланды. Жолугушууда компания өкүлдөрү чогулгандарга мобилдик алдамчылыктан сактануу, телефонун тыкан колдонуунун жолдору, электромагниттик нурлануу, мобилдик байланыш кызматтарын колдонуудагы жүрүм-турум эрежелери жана мобилдик байланыш тармагындагы негизги принциптер тууралуу абдан кызыктуу маек куруп беришти.

Келечек муундун мобилдик сабаттуулугун жоюуну максат кылган Улуттук мобилдик оператордун адистери тарабынан өткөрүлгөн презентация аталган окуу жайдын медициналык факультетинин студенттери үчүн, ОшМУнун башкы корпусунда болуп өттү. Угуучулардын айтымында, жолугушуу бардыгы үчүн жемиштүү болду. Мобилдик телефон жашообуздун ажырагыс бөлүгу болуп калган бүгүнкү күндө мобилдик алдамчылыктан сактанууну бардыгыбыз эле биле бербесек керек.

«Азыркы учурда мобилдик телефон мектеп окуучусунун, ар бир студенттин эң керектүү буюму экендиги анык, - дейт өз сөзүндө Жумгалбек Өмүрканов , MegaCom компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси – Колдонуучулардын жетишсиз тажрыйбасы мобилдик алдамчылыкка жол берип келет. Компаниянын долбоорду ишке ашыруудагы негизги максаты- шылуундук иш-аракеттерге бөгөт коюу».

«Мобилдик сабаттуулук сабактары» – MegaCom компаниясынын аракеттеги жана туруктуу долбоору. Нарын шаарынан башталган бул саамалык өлкөбүздүн 7 дубанын кучагына алып, "Mega Билим" долбооруна катышкан 143 мектептин жалпы жамаатына тартууланган. Бүгүнкү күндө компаниянын сайтын барактаган ар бир колдонуучу үчүн жеткиликтүү болуп, ачык сабактар жана таанып билүү максатындагы баяндамаларга маалымат булагы болмокчу.

«Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоору боюнча MegaCom компаниясынын Ош аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош Мамлекеттик Университетинде билим алып жатышкан 27 миңден ашуун студент менен жолугушууларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы