Перейти на новый сайт

MegaCom 3G ылдамдыгы эми Орловкада

MegaCom 3G ылдамдыгы эми Орловкада

MegaCom компаниясы «Орловка» тоо-лыжа базасында жаңы 3G базалык станциясын ишке берди. Эми кышкы спортту сүйүүчүлөр жана башка бардык эс алуучулар мобилдик интернет менен пайдалана алышат.

Чогулгандар кесипкөйлөр арасындагы «Mega Ылдамдык!» масштабдуу мелдешинин күбөсү болушту. Мелдешке катышуу үчүн тоо чаңгы спорту боюнча мыктынын мыктылары чакырылып, жеңүүчүлөр үчүн MegaCom компаниясы тарабынан баалуу белектер даярдалган: биринчи орун үчүн кесипкөй чаңгылар, iPhone 5S Gold уюлдук телефону экинчи орунга жана үчүнчү орун үчүн кесипкөй чаңгычынын кийими.

Чаңгычылар эр жүрөктүүлүктү жана кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Ал эми, 10 жашар чаңгычылар көрсөткөн ыкчамдык баардыгын таң калтырды. Мелдештин жыйынтыгы боюнча, биринчи орунга Евгений Тимофеев, экинчи орунга Иван Борисов жана үчүнчү орунга Алексей Балыбин ээ болушкан. Компаниянын атайын фирмалык белектери: спорттук жонбаштыктар, кол чатырлар, термокружкалар, кепкалар, колчырактар, скипасстар жана «Орловка» эс алуу жайында жашоо сертификаттары 4,5-орундарын алган катышуучуларга тапшырылган. Айымдардын арасында болсо Ольга Палюткина байгеге ээ болду. Мелдеште өз өнөрүн көрсөткөн кичинекей чаңгычылар да фирмалык белектерден кур калышкан жок.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов жеңүүчүлөргө атайын белектерди тапшыруу менен, уюлдук оператордун активдүү жана сергек жашоону колдой тургандыгын белгилей кетти. «Ыкчам маалымат берүү тармагында алдыңкы технологияларды ишке киргизүү менен, компания абоненттин бардык мүдөөлөрүн эске алат», - деп жыйынтыктады өз сөзүн А.Базаркулов.

Иш - чара боюнча толук фотобаян менен facebook социалдык түйүнүндөгү компаниянын расмий баракчасынан таанышууга болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Настроение»

    icon
  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    «Запрет коротких SMS номеров» и «Запрет коротких IVR номеров»

  • Услуга

    «Постоплатный Интернет-роуминг»