Перейти на новый сайт
Кара-Суу калаасындагы MegaCom сатуу жана тейлөө борборунан акысыз SMSтер

Кара-Суу калаасындагы MegaCom сатуу жана тейлөө борборунан акысыз SMSтер

MegaCom компаниясы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун (СТБ) түптөлгөн (иштеп баштаган) күндөрүн өз абоненттери менен бирге майрамдайт! 2014-жылдын 5-февралында, Кара-Суу шаарынын меймандары жана тургундары, Бакиев көчөсүндө (номуру жок, К. Жакыпов атындагы мектеп-интернатынын жанында) жайгашкан MegaCom компаниясынын СТБнын түптөлгөн күнүнө карата өткөрүлө турган «Бонус SMS» майрамдык акциясына катыша алышат.

Кара-Суудагы СТБдан 50 сом же андан ашык суммага өз балансын толуктаган MegaCom бардык абоненттерине түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон акысыз 50 SMS тартууланат. Акция бир күн ичинде аракетте болот.

Бонус абалын текшерүү үчүн *505# терүү зарыл.

– MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлору ар бир абонентин кубаныч менен күтөт: бул жерден келишим түзүү, SIM-картаны калыбына келтирүү, чалуулардын деталдоосун алуу, комиссиясыз балансты толуктоо же мобилдик интернетти тескөө жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Компаниянын адистери мобилдик байланыш пайдалануучуларынын бардык суроолоруна жооп беришет, - деп белгилеп өттү, компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун даректери менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom – бардыгы өз абоненттери үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы