Перейти на новый сайт

MegaCom: эстен кеткис драйв жана ылдамдык Сиз үчүн!

MegaCom: эстен кеткис драйв жана ылдамдык Сиз үчүн!

MegaCom компаниясы «Орловка» эс алуу жайында 2014-жылдын 8-февралында өткөрүлө турган «Mega Ылдамдык!» кесипкөйлөр арасындагы масштабдуу мелдештер тууралуу жарыялайт.

Аталган эс алуу жайында MegaCom жаңы 3G базалык станциясынын ачылышы менен кышкы спорттун түрлөрүн сүйүүчүлөр үчүн көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Эми алар сапатттуу байланыш менен гана камсыз болбостон, жогорку ыдамдыктагы Интернетти, видеону, сүрөттөрдү да жүктөй алышат. Чогулгандар спорттун кышкы түрүнөн ырахат алып гана тим болбостон, MegaCom компаниясынын Фирмалык белектеринин (спорттук жонбаштыктар, кол чатырлар, кепкалар) ташкынында калышып, "Орловка" эс алуу жайында жашап туруу үчүн Сертификаттардын ээси жана башка күтүлбөгөн жагымдуу көз ирмемдердин күбөсү болушат.

Жеңүүчүлөрдү Мега байгелер жана белектер күтөт:

  • 1-орун – Кесипкөй чаңгычылар үчүн чаңгылар
  • 2-орун - iPhone 5S уюлдук телефону
  • 3-орун – Чаңгычынын кийими

Айтмакчы, Сиз ушул көз ирмемден тарта конкурска катышып, бактылуу 5 жеңүүчү үчүн MegaCom компаниясы тарабынан белекке даярдалган, скипасстарды (Ski-pass эки адам үчүн) утуп алып, көтөргүчтөрдүн бардык түрлөрүндө акысыз чаңгы тебе аласыз. Конкурска катталуу жана катышуу шарттары менен Facebook сайтындагы компаниянын расмий баракчасынан таанышууга болот: MegaCom Facebook

Спорт майрамынын даамын татыңыз, MegaCom компаниясы менен бирге Сиз окуялардын борборунда болосуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы