Перейти на новый сайт

MegaCom 2013-жылдын меценаты

MegaCom 2013-жылдын меценаты

«Жылдын меценаты» конкурсунун жыйынтыгында MegaCom компаниясы «Ак жүрөк» сыйлыгына татыктуу болду.

MegaCom компаниясынын социалдык долбоорлорунун алкагында республика боюнча 143 мектеп компьютерлер менен камсыз болуп, Бишкектеги Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагында жасалгалуу аллеянын пайда болгону коомчулукка белгилүү. Мындан тышкары, жаңы спорт аянтчалары курулуп, кээ бир аймактарда болсо кайрадан оңдолуп-түзөлдү. 5 балдар үйү квартал сайын ар тараптуу колдоого алынса, өлкө боюнча 1000 ардагер компаниянын көңүл борборунда.

«Жылдын меценаты - 2013» конкурсунда Ата Мекендик ишканалар жана жеке атуулдар ат салышты. Конкурска катышкандардын катарын муктаж болгондорго акысыз жардам көрсөтүп, аларды колдоого алып келгендер толуктайт. Атайын түзүлгөн комиссия көптөгөн конкурсанттардын ичинен 15 жеңүүчүнү тандап алды. Жеңүүчүлөргө «Ак жүрөк» статуэткалары жана ардак баракчалары тапшырылды. Сыйлык ээлеринин ысымдары Бишкек шаарынын Ю. Фучик атындагы сейилбагында орнотулган «Даңк Аллеясы» аттуу атайын ташка чегилмекчи.

Аталган сыйлык 2010-жылы "Айкөлдүк" Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан негизделип, коомубуздагы адеп –ахлак маселесин алдыңкы орунга коюп, өз ишмердүүлүгүндө кайрымдуулуккка орун берип келе жаткан өлкө меценаттарынын алгылыктуу иштерин татыктуу үлгү катары баалоого багытталган.

Сунушталган кызматтар

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы