Перейти на новый сайт
MegaCom «Номурду каттоо бонусу» акциясынын узартылгандыгы тууралуу абоненттерине маалымдайт

MegaCom «Номурду каттоо бонусу» акциясынын узартылгандыгы тууралуу абоненттерине маалымдайт

Акциянын алкагында, 2014-жылдын 1- июнуна чейин MegaCom менен тейлөө келишимин түзгөн бардык абоненттерге тандоосуна жараша түйүн ичиндеги 20 мүнөт/ 50 SMS же 50 Мб түрүндөгү бонустар тартууланат.

«Абоненттерди персонификациялоо боюнча оператордун демилгеси 2013-жылдын ноябрынан тарта ишке ашырыла баштаган, бирок баамыбызча мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланганга үлгүрбөй калышты. Ошол себептен акцияны өткөрүү мөөнөтү жайдын башына чейин узартылды. Уюлдук байланыштын дүйнөлүк практикасында абоненттерди сегменттөө жана персонификациялоо боюнча туруктуу тенденцияга өзгөчө орун берилип келет. Каттоодон өтүү аркылуу компания кардарлары менен максаттуу иш алып баруу менен гана чектелбестен, ар бир абоненттин жеке өзүнө ыңгайлуу болгон кызматтарды сунуштайт. Мындай кадам өз кезегинде MegaCom абоненттерине өз каражаттарын үнөмдөө менен мобилдик байланыш кызматтарынан пайдаланууну шарттайт», - деп баяндай кетти компаниянын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Акция тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу жана тейлөөнүн келишимдик формасына өтүү акысыз. Жашырын форматтан келишимдик форматка өткөн учурда абонент бир катар артыкчылыктарга ээ болот:

  • абоненттин MegaCom түйүнүнүн кызматтарынан колдонуп жүргөн жылдары жана бардык кошулган кызматтары сакталып калат
  • деталданган эсепти алуу мүмкүнчүлүгү, дүйнөнүн 177 өлкөсүнүн 200 оператордук түйүнүндө эл аралык роумингди кошуу жана «Экинчи дем» кызматы боюнча чоң өлчөмдөгү насыяны алуу.

Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүү үчүн MegaCom абоненти компаниянын каалаган сатуу жана тейлөө Борборлоруна же дилердик өнөктөш –тармактардын Фирмалык салондоруна кайрылуу керек. Өзү менен паспорту болуусу шарт. Кызыктырган суроолор боюнча MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматынын 0555 50 00 00 же *500 телефондору боюнча жооп алууга болот. Компаниянын абоненттери жана катталган тармактар үчүн чалуу акысыз.Толук маалымат компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган. MegaCom «Номурду каттоо бонусу » акциясын узартуу боюнча абоненттерине билдирет.
 

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы