Перейти на новый сайт
MegaCom 2013-жылы 70 миллиондон ашуун спам-билдирүүлөрдү жокко чыгарды

MegaCom 2013-жылы 70 миллиондон ашуун спам-билдирүүлөрдү жокко чыгарды

Кыргызстандын алдыңкы мобилдик оператору MegaCom өз абоненттерин уруксаатсыз спам-жөнөтмөлөрдөн натыйжалуу коргоо боюнча долбоорун ишке ашырып келет. 2013-жылы эле компаниянын техникалык кызматкерлери тарабынан өз абоненттеринин номурларына келүүчү 70 миллиондон ашуун зыян алып келүүчү жана алдамчылык мүнөздөгү спам-билдирүүлөрдү алдын алган.

«Спам-жөнөтмөлөрдүн алдын алуу MegaCom абоненттеринин акча каражаттарын сактоого да багытталган. Бүгүнкү күндө смартфондорго зыян алып келүүчү жана абоненттердин өздүк эсептеринен жана банктык карталарынан каражаттарды чыгарып алууну көздөгөн программалык камсыздоонун кеңири жайылып жаткандыгы жашыруун эмес, - деп белгиледи таяныч түйүндөрүн эксплуатациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Станислав Муковоз. - Азыркы учурда тармакка келип жаткан спамдын жалпы санынын кыскарганы байкалып жатат, абоненттердин спам боюнча арызданууларынын саны да азайды».

Абоненттерин жарнак жана алдамчылык спамдан жана баңги заттардын, интим-кызматтардын, каржылык алдоо пирамидаларынын жана башка шектүү жана да кылмышка тиешеси болгон массалык жөнөтмөлөрүнөн коргоо максатында, 2010-жылы компания тарабынан атайын программалык камсыздоо ишке киргизилген. Абоненттин телефон номурун же анын өздүк эсебиндеги каражаттарды уруксатсыз пайдаланууну алдын алуу үчүн компания расмий сайтында атайын эскертүү жайгаштырган. Мындан тышкары, кибер дүйнөсүнүн жана өсүп келе жаткан жаңы муундун жана катардагы Интернет пайдалануучуларынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоору ишке ашырылууда.

MegaCom компаниясы мындай иш-аракеттер менен гана чектелбестен, абоненттерин тышкы маалымат чөйрөсүнүн зыяндуу таасирлеринен коргоо максатында, заманбап коргонуу каражаттарын өз тажрыйбасында кеңири колдонуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon