Перейти на новый сайт
MegaCom фирмалык салондорунда жаңы жылдык «SMS бонус» акциясы башталды.

MegaCom фирмалык салондорунда жаңы жылдык «SMS бонус» акциясы башталды.

MegaCom компаниясы өз абоненттерине Жаңы жылдык маанай каалоо менен компаниянын бардык Фирмалык салондорунда өткөрүлө турган жаңы жылдык «SMS бонус» акциясы тууралуу жарыялайт!

2013-жылдын 25-декабрынан тарта 2014-жылдын 5-январына чейин, Компаниянын фирмалык салондорунан бир төлөм менен 50 сом же андан ашык суммага өз балансын толуктаган абоненттерге Megacom түйүнү ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон акысыз 20 SMS 10 күнгө берилет. Ал эми балансты кайрадан 50 сом же андан ашык суммага толуктаган сайын – “SMS бонус” суммаланып (кошулуп), аракет мөөнөтү балансты акыркы жолу толуктаган учурдан тарта дагы 10 күнгө узартылат.

MegaCom компаниясынын фирмалык салондорунан алдыңкы уюлдук оператор тартуулаган кызматтардын толук топтомун алууга болот: уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү келишимин түзүү, өздүк эсептин балансын комиссиясыз толуктоо, чалуулардын деталдоосун алуу, SIM-картаны калыбына келтирүү же жөн гана мобилдик интернетти тескөө.

MegaCom фирмалык салондорунун даректери компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган.


 

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы