Перейти на новый сайт

MegaCom жаңы жылдык белектердин куржунун сөгөт!

MegaCom жаңы жылдык белектердин куржунун сөгөт!

Жаңы жыл көпчүлүк чыдамсыздык күткөн жана кубанычтуу майрам. Жаңы жыл босогосунда абоненттерине белектерди тартуулоо өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору үчүн салтка айланып калгандай. Келе жаткан Жаңы жылда дагы MegaCom белектеринин ээси болуңуз.

Европалык Prestigio брендинин мобилдик смартфону же планшети маанай көтөргөн жагымдуу белек болмокчу. Жаңы жылды утурлай жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктарын жана колдонуучулардын мүдөөлөрүн эске алуу менен, MegaCom өз абоненттерине ыңгайлуу баадагы алдыңкы технологияларды сунуштамакчы. Prestigio аппараттары Android операциялык системи менен жабдылып, бир эле убакытта 2 SIM-карта менен колдонууга ыңгайлаштырылып жасалган. 2 жылдык эл аралык кепилдикке жана сервистик тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жаңы жылдык майрамдардын толкунуна кошулуңуз. Жыл тогошкон майрам күндөрү MegaCom улуттук мобилдик операторунун “Бир жеңден кол бир жакадан баш чыгарган” кесипкөй адистери майрамдык маанай менен кошо өз белектерин тартуулашат. Башкача айтканда эски жылдын 16-декабрынан жаңырган жылдын 16-январына чейин компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда «Бонус SMS» акциясы аракетте болот. Аталган акциянын алкагында түйүнгө кошулган жана балансын 50 же андан ашык суммага толуктаган бардык абоненттерге түйүн ичиндеги 20акысыз SMS 10 күнгө берилет.

29-декабрдан 3-январга чейин каалаган сатуу жана тейлөө борборунда тейленген ар бир кардарды жагымдуу белектер, момпосуйлар жана мандариндер күтөт.

Өзүңүзгө жана өз досторуңузга майрамдык маанай тартуулаңыз- түйүнгө кошулуп Жаңы жылды MegaCom менен тосуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы