Перейти на новый сайт

Жаңы жыл майрам күндөрү Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун иштөө убактысы

Жаңы жыл майрам күндөрү Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун иштөө убактысы

2013-жылдын 31-декабрынан тарта 2014-жылдын 2-январына чейин сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун (СТБ) иштөө убактысына өзгөртүүлөр киргизилди. Майрам күндөрү MegaCom тейлөө борборлорунун иштөө убактысы төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн.

Ал эми, 03.01.2014-жылга чейин компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна келген ар бир абонентти жагымдуу белектер, таттуу момпосуйлар жана мандариндер күтөт. 2014-жылдын 16-январына чейин бардык СТБда «Бонус SMS» акциясы аракетте болот. Акция алкагында, түйүнгө кошулган же бир жолку төлөм менен балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган бардык абоненттер MegaCom компаниясынан түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 20 SMS 10 күнгө алышат. Мындан тышкары, балансты 50 сом же андан ашык суммага толуктаган сайын – “SMS бонус” суммаланып (кошулуп), аракет мөөнөтү балансты акыркы жолу толуктаган учурдан тарта дагы 10 күнгө узартылат. 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «Живой Баланс»

  • Услуга

    «Видеовызов»

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    Мегарассылка