Перейти на новый сайт

MegaCom Huawei түркүмүнүн смартфондорун тартуулайт

MegaCom Huawei түркүмүнүн смартфондорун тартуулайт

Эми 23-декабрдан тарта, MegaCom компаниясынын сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бардыгында наркы 4300дөн 17900 сомго чейинки Huawei заманбап смартфондорун сатып алууга болот.

Huawei түзмөктөрү байланыш жана көңүл ачуу колдонмолорун тандоо эркиндиги жана маалыматты берүү ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт.

«Кытай өндүрүүчүлөрүнүн смартфондоруна жана планшеттерине болгон ишеним Кыргызстанда күн санап артып келүүдө. Бул таң калыштуу көрүнүш эмес, анткени 2013-жылдагы сатылган түзмөктөрдүн саны боюнча Huawei бренди дүйнөдөгү алдыңкы беш ири өндүрүүчүнүн тизмесине кирип, дүйнө лидерлери Samsung жана Apple компанияларынан кийинки орунду ээлеген. MegaCom компаниясынын бардык сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан Huawei заманбап смартфондорун ыңгайлуу баада сатып алуу менен, пайдалануучулар «559» тарифтик планын камтыган SIM-картаны белекке алышат!», - деп белгилеп өттү, компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Аппараттарды дистрибуциялоо боюнча өнөктөш, Huawei компаниясы MegaCom компаниясынын абоненттери үчүн атайын акция өткөрүүдө: Huawei телефонун сатып алган абоненттердин балансы 200 сомго толукталат. Шашылыңыз, акция 2014-жылдын 31-декабрына чейин гана уланат!

Телефондорду MegaComдун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан сурасаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы