Перейти на новый сайт
MegaCom: түштүк облустар үчүн 1,5 сомдон Россияга чалуу

MegaCom: түштүк облустар үчүн 1,5 сомдон Россияга чалуу

Россия эми жакыныраак! Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрынан тарта, MegaCom түйүнүнө кошулган Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары, 0,95 сом күнүмдүк абоненттик төлөмү аркылуу Россиядагы МегаФон уюлдук операторунун номурларына мүнөтү үчүн болгону 1,5 сомдон чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул жаңылык Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагындагы MegaComдун абоненттери үчүн өзгөчө кубанычтуу. Анткени, бүгүнкү күндө Россиянын 68 миллиондон ашык жараны МегаФон мобилдик операторунун абоненти болуп саналат жана анын ичинде MegaCom түйүнүнүн абоненттеринин жакындары жана достору бар экени шексиз.

- “Россия эми жакыныраак” опциясы, Россиядагы МегаФон уюлдук операторунун абоненттеринин катарына кирген жакындары, туугандары, достору жана ишкер өнөктөштөрү менен көп баарлашууга муктаж болгон түштүк аймактардын тургундары үчүн атайын иштелип чыккан. Аталган тарифтик опцияны кошуу, биздин абоненттер үчүн эл аралык чалууларга сарпталуучу каражатты үнөмдөөгө жана мындан да көп баарлашууга шарт түзөт, - деп белгилеп өттү компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Опцияны кошуу акысыз жана *013*1# же *013#1# буйрууларынын терүү аркылуу ишке ашырылат. Опцияда мүнөттүк тарифтөө каралган.

Тарифтик опция тууралуу толук маалыматты *2013 (чалуу акысыз) номуру боюнча алууга болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы