Перейти на новый сайт

2013-2014 - тоо лыжа сезонунун Mеga ачылышы

2013-2014 - тоо лыжа сезонунун Mеga ачылышы

Өткөн дем алыш күндөрү MegaCom уюлдук операторунун колдоосу менен деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” эл аралык базасы нда 2013-2014- тоо лыжа сезонунун расмий түрдөгү ачылышы болуп өттү. Аталган эс алуу жайы кышкы экстримди жана көз уялткан күн нурларына чулганган таза абада эс алууну сүйгөндөрдү кучак жая тосуп алды.

Сезонду ачуу аземинин алкагында лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында мелдеш өткөрүлүп, таймашка 50дөн ашуун спортчулар катышса, ал эми суроо- жооп таймашы жана эстафеталар жүздөгөн эс алуучулардын көңүлүн өзүнө бурду.

Мелдештердин жыйынтыгы көрсөткөндөй, лыжа тебүү боюнча эркектер арасындагы таймашта биринчиликти Максим Гордеев, кыз-келиндер арасында Рая Князева алса, сноуборд боюнча Владимир Чеботаев жана Яна Хворостяная мыктылардын мыктысы боло алышты. Мелдеш соңунда бардык жеңүүчүлөр Megacom компаниясынын директору Азат Базаркуловдун өз колунан атайын байгелерди: шлемдерди, лыжа жана сноуборд салынуучу атайын каптарды, бут кийимдерди, баш кийимдерди, мээлейлер үчүн баштыкчаларды жана фирмалык азембелектерди алышты. Иш-чаранын жүрүшү боюнча фотобаян facebook социалдык түйүнүндөгү компаниянын расмий баракчасында жайгаштырылган.

Белгилей кетчү нерсе, аталган аймактын тургундарын жана Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан келген меймандарды сапаттуу байланыш жана ыкчам Интернет менен камсыз кылуу максатында компаниябыз тарабынан базалык станция орнотулган. Тоо лыжа базасына келгендер 3,75G муунундагы заманбап технологиялардан колдоно алышат.

MegaCom –баарлашуу эркиндиги!
 

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1