Перейти на новый сайт

MegaCom 2013-2014-кышкы сезондун ачылышына чакырат!

MegaCom 2013-2014-кышкы сезондун ачылышына чакырат!

Кышкы спортту жана активдүү эс алууну сүйүүчүүлөр үчүн жагымдуу жаңылык! 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү "Каракол" тоо лыжа базасында 2013-2014-кышкы сезондун расмий түрдөгү ачылышы болуп өтөт. Аталган иш -чарага мекенибиздин алдыңкы уюлдук оператору MegaCom компаниясы демөөрчүлүк кылды.

Бул күндөрү сиздерди чоңдор жана балдар үчүн уюштурулган эстафеталар, викториналар, түрдүү оюндар, конкурстар менен коштолуп, белектерге чулганган ажайып программа күтөт. Чогулгандардын көңүл борборун сноубордчулар жана лыжа тебүүчүлөр ортосундагы мелдеш ээлемекчи. Мелдештерге билек түрө катышкан тайманбас, эр жүрөктөр уюлдук оператордун атайын белектери: шлемдер, лыжа жана сноуборд салынуучу атайын каптар, бут кийимдер, баш кийимдер, мээлейлер үчүн баштыкчалар жана фирмалык азембелектери менен сыйланат.

Жылдыз Мамытова, MegaCom компаниясынын PR-бөлүмүнүн жетекчиси:
- MegaCom компаниясы таза абаны, спортту, сергек мүнөздөгү жашоону айкалыштырган бул иш-чараны чын дили менен колдоду! Белгилей кетчү нерсе, аталган аймактын тургундарын сапаттуу байланыш жана ыкчам Интернет менен камсыз кылуу максатында компаниябыз тарабынан базалык станция орнотулган. Тоо лыжа базасына келгендер 3,75G муунундагы заманбап технологиялар аркылуу өзүлөрүнүн жагымдуу маанайы жана таасирлери менен бөлүшө алышат.
"Каракол" тоо лыжа базасы Борбордук Азия аймагындагы бирден бир эс алуу жайы.

MegaCom лыжа жана сноуборд тепкенди жана кыш чилдесин көзгө илбей эс алууну каалагандарды, көркөмдүгү менен көз жоосун алган тоо койнунда өтө турган мелдештерден ырахат алгысы келгендердин бардыгын чакырат. Кошумча маалымат facebook социалдык түйүнүндөгү компаниянын расмий баракчасында, https://www.facebook.com/events/385807838216340/ шилтемесинде жайгаштырылган.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы