Перейти на новый сайт

MegaComдон “INSIDE 2Гб” – эки эсе көп мобилдик Интернет

MegaComдон “INSIDE 2Гб” – эки эсе көп мобилдик Интернет

MegaCom өз абоненттерине уникалдуу “INSIDE” түркүмүнүн алкагында кошумча жаңылыктан пайдаланууну сунуштайт: “INSIDE 2Гб” интернет-топтому – айлык 395 сом абоненттик төлөмү аркылуу 2048 Мб акысыз интернет-трафиктен пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

Мирлан Карабукаев, Маркетинг департаментинин жетекчиси:
- Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, көптөгөн пайдалануучулар интернеттен мобилдик телефон аркылуу бир айдын ичинде 2 гигабайтка чейин маалымат жүктөшөт. “INSIDE 2Гб” интернет-топтому – мобилдик интернет менен активдүү пайдаланып, белгилүү социалдык тармактарда баарлашуунун жана дүйнөлүк желеде саякат кылуунун күйөрмандары үчүн толук эркиндик.

“INSIDE 2Гб” интернет-топтомун активдештирүү үчүн *077*7# буйруусун терүү же 7 санын камтыган SMSти 077 кыска номуруна жөнөтүү зарыл.

“INSIDE” түркүмүндөгү топтомдор абоненттердин жеке муктаждыктарына жооп берет жана кошуу үчүн абдан ыңгайлуу. Бир убакытта түйүн ичиндеги мүнөттөр, MMS, SMS жана Мб топтомдорун кошуп алуу мүмкүнчүлүгү менен пайдаланып, абонент өзүнө ыңгайлуу болгон жеңилдик түзө алат. Ал эми, “INSIDE” түркүмүндөгү топтомдорунун аракет мөөнөтү автоматтык түрдө улана бериши жана абоненттик төлөм абоненттин эсебинен алдын ала соңку айдын 1де алынып турганы кызматтын артыкчылыгы экени шексиз. Толук маалыматты расмий сайттан алууга болот.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    VoLTE

  • Услуга

    «Ваш платеж»